Урматуу Абитуриенттер Кыргыз-Түрк «Манас» университети жѳнүндѳ маалыматы тѳмѳнкү баракчалардан билип алсанар болот.

 

УНИВЕРСИТЕТИБИЗ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

  • Кыргыз-Түрк «Манас» университети 1995-жылы Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын өкмөттөрү тарабынан кол коюлган келишимдин негизинде ачылган. Университеттин дипломдору эки өлкөдө тең бирдей таанылат.
  • Университетибизде билим берүү кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Университетке кабыл алынган студенттер бул тилдерди бир жылдык даярдоо бөлүмүндө окушат. Эки тилден тең тил билүү деңгээлин аныктоо сынагынан ийгиликтүү өткөн студенттер дароо биринчи курска кабыл алынат. Университетте чет тилдерин окутууга да өзгөчө көңүл бурулат.
  • Университетибизде билим берүү акысыз.
  • Университетибиздин профессор-окутуучулук курамы Кыргызстан, Түркия жана башка өлкөлөрдөн конкурстук негизде тандалып алынат. Студенттерге заманбап китепкана, лабораториялар жана студияларда билимин өркүндөтүүгө шарт түзүлгөн. Мындай мүмкүнчүлүктөр студенттердин сапаттуу билим алып, мыкты адис болуп калыптанышына өбөлгө болот.
  • Студенттер Студенттик кеңеш аркылуу университетти башкарууга катыша алышат.
  • Сабактарына жетишкен студенттерге социалдык көмөк көрсөтүү максатында стипендия берилет. Мындан тышкары университетке кирүү сынагында табигый-так илимдер, гуманитардык илимдер жана илимдин эки тармагы боюнча бирдей баалоодо эң жогорку упай топтоп өткөн жүз студентке кошумча стипендия берилет.
  • Студенттер университеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жатакана менен камсыз кылынат.
  • Университетте студенттердин сабактан сырткаркы убактыларын көңүлдүү, пайдалуу өткөрүшү үчүн спорт, музыка, бий, ыр жана башка өнөр түрлөрү боюнча ийримдер, курстар уюштурулган. Булардан сырткары студенттер үчүн ден соолук, психологиялык кеңеш-көмөк борборлору да кызмат кылат.