Чет өлкөлүк абитуриенттер:  Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынан башка чет өлкөлөрдүн, өзгөчө Түрк республикаларынын жана тектеш коомчулуктардын жарандары.

Тапшыруу үчүн талап кылынуучу шарттар:

  1. Чет өлкөнүн жараны болуу (Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынан) башка, же болбосо Бириккен Улуттар Уюму тарабынан берилген качкын документине ээ болуу.
  2. Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлиги аныктаган критерийлердин алкагында жогорку билим берүү программасы боюнча окууга укук берген орто билими тууралуу дипломго ээ болуу. Бүтүрүүчү балл 100 системада 70 баллдан, системада 10дон 7ден, системада 5тен 4төн кем эмес болушу керек.
  3. Жогорку билими бар жана бул диплом менен тапшырган абитуриенттин окуу табелинде эң аз дегенде CC деген баа болушу керек.
  4. Билими же жарандыгы бар өлкөнүн жогорку окуу жайына кирүү сынагына катышуу (ОРТ, ЕНТ, ЕГЭ ж.б.у.с.).

Россия Федерациясы, Казакстан жана Монголиялык абитуриенттер үчүн тиешелүү сынактардан алган баллдар боюнча Кабыл алуу комиссиясы тарабынан талап кылынган минималдык баллдар орнотулган.

Россия Федерациясы

Жалпы мамлекеттик сынактан (ЕГЭ) экиден кем эмес предмет боюнча орточо баллы 60тан кем эмес. Эгер абитуриент экиден ашык предмет сынакта экиден жогору предмет боюнча тапшырса, эң жогорку балл алган эки предмет эсепке алынат.

Казахстан

Жалпы улуттук тестирлөөнүн (ЕНТ) жыйынтыгы 65тен кем эмес болуш керек

Монголия

Монголиянын жалпы мамлекеттик сынагынын үч предмет боюнча орточо баллы 490дан кем эмес болуш керек. Эгерде абитуриент үчтөн ашык предметтен тапшырса, эң жогорку балл алган үч предмет эске алынат.

 

Бул талаптар тапшыруунун минималдуу критерийлери гана болуп саналат жана Кыргыз-Түрк Манас университетине (мындан ары КТМУ) кабыл алынуун кепилдигин бербейт. Башка өлкөлөрдөн келген абитуриенттердин жогорку окуу жайларына бирдиктүү кирүү сынактан алган баллдар үчүн минималдык талаптар кабыл алуу комиссиясы тарабынан белгиленет.

  1. Жогорку окуу жайына кирүү сынагы болбогон өлкөлөрдөн келген абитуриенттер, КТМУ тарабынан өткөрүлгөн сынакка кире алышат.
  2. Орто мектепти Кыргызстандан бүтүргөн чет өлкөнүн жарандары, ЖРТ сертификаты менен же КТМУ жалпы кирүү сынагынын жыйынтыгы менен тапшыра алышат.
  3. Кыргыз Республикасынын окуу жайларын бүтүргөн Түркия Республикасынын жарандарынан башка чет өлкөлүк жарандар жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп туруп башка өлкөнүн жарандыгын алгандар Кыргыз Республикасынын жалпы мамлекеттик экзаменин (ОРТ) сертификаты (босого балддан жогору болуу шарты каралат) менен же Манас-ÖSYM сынагынын жыйынтыгы менен тапшыра алышат.
  4. Университетибизге мурда кабыл алынган жана окуу учурунда сабакка келбей калгандыгы, жетишпегендиги же дисциплинардык жазасы үчүн университеттен бошотулган талапкерлердин документтери кабыл алынбайт.

Документтерди тапшыруу процедурасы:

Арыздар университетке жеке, расмий өкүлдөр аркылуу, өлкөлөрдүн элчиликтери аркылуу же электрондук түрдө берилиши мүмкүн.

 Сынакка каттоого талап кылынган документтер:

Документтерди кабыл алуу - 10-июнь  - 17-июль 2024-ж.

Жазуу түрүндөгү сынак - 23-июль 10-июнь  - 17- июль 2024-ж.

Оозеки сынак - 24-25 июль 2024-ж.

 

   Каттоо үчүн кабыл алуу комиссиясына төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • Орто билими тууралуу аттестаттын/дипломдун көчүрмөсү; окуган предметтерин жана алар боюнча алган жыйынтык бааларынын табели (орус же англис тилдерине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу).
  • Өлкөсүндө өткөрүлгөн жогорку окуу жайына тапшыруу сынагынын жыйынтыгы (ЭГЕ/ЕНТ/ОРТ)
  • Эл аралык паспорттун көчүрмөсү;
  • Акыркы 3 айдын ичинде тартылган 3х4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;

 

Толук маалыматты iro@manas.edu.kg электрондук дареги аркылуу тактай аласыздар.