• Даярдоо программаларына жайгаштырууда абитуриенттердин 2024-жылдын студент тандоо сынагында топтогон упайлары, программаны тандоосу, даярдоо программаларына берилген орундар жана даярдоо программасынын шарттары эске алынат.
  • Упайлары жана даярдоо программасын тандоолору бирдей болгон абитуриенттерди жайгаштыруу төмөндөгүдөй ишке ашат:

а) Тандалып алынган даярдоо программасына тиешелүү артыкчылык берилген багыттагы суроолорго көбүрөөк туура жооп берген абитуриентке артыкчылык берилет, эгерде бул жакта да бирдей жыйынтык чыкса, анда:

б) ЖРТ баллы каралып, жогору балл алган абитуриент жайгаштырылат.