• Даярдоо программаларына жайгаштыруунун жыйынтыгы 2024-жылдын 13-июль күнү электрондук порталда жарыяланат.
  • Андан тышкары, абитуриенттерди дардоо программаларына жайгаштыруунун жыйынтыгы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин интернет барагына (http://www.manas.edu.kg жана http://exams.manas.edu.kg) жарыяланат.

Даярдоо программаларына кошумча жайгаштыруу

      Даярдоо программаларына жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча университетке өткөн абитуриенттер 2024-жылдын 16-19-июль күндөр аралыгында жеке бөлмө аркылуу онлайн тастыктоо кылуусу зарыл. Жогоруда белгиленген күндөр аралыгында документтер тапшырылбай, алардын орду бош калса, толбой калган орундарга 2024-жылдын 22-23-июль күндөрү кошумча даярдоо программасын тандоо электрондук портал аркылуу жүргүзүлөт (Бул жолку конкурска босого упайдан жогору алган, бирок биринчи конкурстун жыйынтыгы боюнча эч бир даярдоо программасына өтпөй калган же кандайдыр бир себептен улам даярдоо программасын тандоого катышпай калган абитуриенттер гана катыша алат). Кошумча дярдоо программасын тандоонун жыйынтыгы 2024-жылдын 24-июлунда электрондук порталда жарыяланат. Кошумча даярдоо программасын тандоонун жыйынтыгы боюнча университетке өткөн абитуриенттер 2024-жылдын 26-28-июль күндөр аралыгында жеке бөлмө аркылуу онлайн тастыктоо кылуусу зарыл.