Даярдоо программасын тандоого кимдер катыша алат?

Сынактын жыйынтыгы боюнча топтолушу зарыл болгон минималдык упайдан кем эмес упайларга ээ болгон абитуриенттер даярдоо программасын тандоо укугуна ээ болот.

Даярдоо программасын тандоо качан жана кайда жүргүзүлөт?

Даярдоо программасын тандоо электрондук портал аркылуу 2025-жылдын 9-11-июль күндөрү саат 9:00-17:00 аралыгында жүргүзүлөт.

Даярдоо программасын тандоо кандай жол менен жүргүзүлөт?

  • Сынактын жыйынтыгы боюнча босого упайдан жогору упай алган абитуриенттер 1-таблицада көрсөтүлгөн программалардын ичинен каалоосуна жараша 1 (бир) даярдоо программасын тандаса болот.
  • Абитуриенттер окууну каалаган даярдоо программасын тандоо иши электрондук порталдагы жеке бөлмө аркылуу жүргүзүлөт.
  • Даярдоо программасын тандоо учурунда абитуриенттер кылдаттык менен рейтинг таблицасын текшерип, программалардын бөлгөн орундарын (квоталарын) эске алуулары абзел.
  • Туура эмес тандоо үчүн абитуриент өзү жооптуу.
  • Абитуриент даярдоо программасын тандоосун рейтингдеги сынактан алган упайларына жана алардын түрүнө жараша каалаган программаны тандоого тийиш.

 

Сынактын жыйынтыктары 2025-жылдын 8-июль күнү белгилүү болот.

Абитуриенттердин сынакта алган упайлары электрондук портал аркылуу жарыяланат.

Андан тышкары абитуриенттердин алган упайлары университетибиздин web-баракчасына (http://www.manas.edu.kg жана http://exams.manas.edu.kg) жарыяланат.

Жоопторго кандайча упай берилет?

Сынактын жыйынтыгында «гуманитардык илимдер», «табигый-так илимдер» жана «гуманитардык, табигый-так илимдер бирдей» деген критерийлер боюнча үч түрдүү упай эсептелип чыгат. Англис тили сынагына кирген студенттердин упайлары өзүнчө эсептелет.

Төрт ката жооп бир туура жоопту жоюп кеткендиктен, туура жооптордун санынан ката жооптордун жалпы санынын төрттөн бири кемитилет. Мисалы, 20 туура, 8 ката жообуңуз болсо, анда туура жоопторуңуздун саны 18ге түшөт.  

  • Ар бир абитуриенттин гуманитардык жана табигый-так илимдер боюнча топтогон упайлары алдын-ала өз-өзүнчө эсептелип чыгат.
  • Алдын-ала эсептелген упайлар статистикалык эсептөөлөрдүн жардамы менен стандарт упайга айландырылат.
  • Стандарт упайлар эсептелип чыккандан кийин абитуриенттердин гуманитардык, табигый-так илимдер жана бул эки багыт боюнча бирдей берилген суроолордон алган упайлары эсептелет. Бул эсептөөдө:
  • - Табигый-так илимдер боюнча жооптордун упайына тесттин табигый-так илимдер бо­юн­ча бөлүмүндөгү суроолорго берилген жооптордун упайы басымдуу таасир берет. Бирок гу­манитардык илимдер боюнча суроолордун упайынын да белгилүү бир деңгээлде таасири болот.
  • - Гуманитардык илимдер боюнча жооптордун упайына тесттин гуманитардык илимдер бөлүмүндөгү суроолорго берилген жооптордун упайы басымдуу таасир берет. Ошол эле учурда гуманитардык илимдер боюнча топтолгон упайга табигый-так илимдер боюнча топтолгон упайдын да белгилүү бир өлчөмдө таасири бар.
  • - Табигый-так жана гуманитардык илимдер боюнча суроолорго берилген жооптордон бирдей топтолгон орток упайга бул эки багыттагы жооптордон алынган упайлар бирдей деңгээлде таасир берет.

ЭСКЕРТҮҮУниверситеттин окумуштуулар кеңешинин 01.07.2021-ж., 2021-10.48 номерлүү чечимининин негизинде, университетте окуп жатып, сынакка кирген абитуриенттердин сынакта алган упайынын 20 % кемитилет.

Сынакта эң аз канча упай алуу зарыл?

  •  Факультеттерде окууга талапкер болуу үчүн артыкчылык берилген сабактарды эске алуу менен сынакта эң аз 120 упай топтоо зарыл. 

  •   Теология факультетинин Теология даярдоо программасын тандоо укугуна ээ болуу үчүн гуманитардык багыттагы сабактардан эң аз 110 упай топтоо зарыл.

  •  Искусство факультетин жана Спорт илимдери факультетин тандоо укугуна ээ болуу үчүн эң аз 100 упай топтоо зарыл.

  • Англис тили талап кылынган даярдоо программаларын (Англис тили жана адабияты программасы, Кыргызча-англисче котормочулук программасы же Экономика жана башкаруу факультетинин даярдоо программаларын) тандоо укугуна ээ болуу үчүн англис тили сынагынан да эң аз 60 упай топтоо зарыл.

  • Жогоруда көрсөтүлгөн босого упайдан жогору алган абитуриенттер даярдоо программасын тандоо укугуна ээ болушат. Көрсөтүлгөн босого упайдан аз упай алгандар даярдоо программасын тандоо укугунан ажырайт.

  •  Көркөм өнөр факультетин жана Спорт илимдери факультетин тандаган абитуриенттерди жайгаштыруу «адистик сынагынын» жыйынтыгын эске алуу менен жүргүзүлөт (5-6-таблицаларды караңыз).

Сынак качан жана кайсы жерлерде өткөрүлөт?

    “Манас” университетинин 2024-жылкы студенттерди кабыл алуу сынагы 2 отурум түрүндө Бишкек шаарында жана төмөндө көрсөтүлгөн убакытта өткөрүлөт.

Сынактын түрү

Орду

Күнү

Сааты

Жалпы сынак

Бишкек

6-июль, 2025-ж.

10:00

Англис тили сынагы

Бишкек

6-июль, 2025-ж.

15:00

Сынакты «Сынак баракчасында» көрсөтүлгөн жерде гана тапшырасыздар.

 

Сынакта суроолор кайсы тилде берилет?

    Сынактын суроолору кыргыз жана орус тилдеринде берилет.

 

Сынакка кирүү үчүн эмнелерди ала келүүңүз керек?

  • Сынакка кирүү үчүн «Сынак баракчасы» менен паспортуңузду ала келүүңүз зарыл.
  • «Сынак баракчасын» жана паспортун албай келген абитуриенттер сынакка киргизилбейт.

 

Сынакта канча суроо берилет жана алар сабактар боюнча кандайча бөлүштүрүлгөн?

  • Абитуриенттерге жалпы сынакта 120 суроо, англис тили сынагында 60 суроо берилет. Сынакта камтылган сабактар жана алар боюнча берилүүчү суроолордун саны 2-таблицада берилди.

2-таблица

Сынакта берилүүчү суроолордун сабактар боюнча бөлүштүрүлүшү

Сабактар

Суроонун саны

Табигый-так илимдер

60

Биология

12

Химия

12

Физика

12

Математика

24

Гуманитардык илимдер

60

География

12

Тарых

12

Тил (кыргыз тили же орус тили)

20

Адабият (кыргыз адабияты же орус адабияты)

12

Логикалык суроолор

4

Бардыгы

120

Англис тили жана адабияты программасы, Кыргызча-англисче котормочулук программасы же Экономика жана башкаруу факультетинин даярдоо программаларын тандаган абитуриенттер үчүн

 

Англис тили

60

 

Сынак канча убакытка созулат?

  • Сынак 180 мүнөткө (3 саат) созулат. Англис тили сынагынын мөөнөтү – 90 мүнөт (1,5 саат).

 

Сынак кандайча өткөрүлөт?

  • Сынак күнү саат 09:00дөн кечикпей, сынак баракчаларында жазылган сынак берүүчү имараттын алдына келип, кирүүгө даяр туруңуз.
  • Сынак баракчаңыз жана паспортуңуз кызматкерлер тарабынан текшерилгенден кийин имаратка киресиз.
  • Сынак өткөрүлүүчү жайдын башчысы сынактын эрежелерин үнүн бийик чыгарып окуп берет.
  • Алгач сиздерге суроолорго жооп берүүдө колдонулуучу жооп баракчалары таратылат. Бул жооп баракчасындагы толтурулушу керек болгон жерлерди толук толтуруп чыгышыңыз зарыл.
  • Андан кийин суроо китепчелери таратылат.
  • Сынак башталгандан кийин жалпы сынактын алгачкы 120 мүнөтүндө, англис тили сынагынын 60 мүнөтүндө жана сынактын акыркы 15 мүнөтүндө абитуриенттердин сынак өткөрүлүп жаткан жайдан сыртка чыгуусуна уруксат берилбейт.
  • Сынактын эрежелерин бузган абитуриенттер сынактан четтетилет жана тапшырган сынагы жараксыз деп табылат.

Сынакта суроолордун кандай түрү берилет?

  • Сынакта 5 (беш) түрдүү жообу көрсөтүлгөн тест түрүндөгү суроолор берилет.
  • Сынак китепчеси эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктөгү суроолор кыргыз тилинде, ал эми экинчи бөлүктөгү суроолор орус тилинде берилет.
  • Кыргыз жана орус тилдериндеги суроолордун туура жооптору бирдей болгондуктан, өзүңүз каалаган бөлүктөгү суроолорго жооп берсеңиз болот. Төмөндө сынакта бериле турган суроолордун үлгүсү берилди:
  1. Кыргыз Республикасы кайсы жылы БУУга (ООНго) мүчө болду?

В каком году Кыргызская Республика стала членом ООН?

А) 1991             Б) 1992              В) 1993             Г) 1994           Д) 1995

Бул суроонун туура жообу "Б" болгондуктан, жооп баракчасындагы 15-номердеги суроого бөлүнгөн сапты таап, ичинде "Б" тамгасы бар тегерекчени сыртына чыгарбастан, кара калем менен жакшылап боёшуңуз керек.

Төмөндө бул суроонун туура жообунун жооп баракчасына белгиленишинин үлгүсү берилди:

 

Жооп баракчасы кандай толтурулат?

  • Жооп баракчасындагы толтурулушу зарыл болгон жерлерге өздүк маалыматтарыңызды толук жазыңыз.
  • Сизге берилген суроо китепчесинин вариантын белгилеңиз.
  • Абитуриенттик номериңизди код түрүндө туура жазыңыз.
  • Ар бир суроого жооп бериш үчүн беш тегерекченин бирин, т.а., сиз туура деп эсептеген варианттагы тегерекчени кылдаттык менен карартып боёңуз.
  • Жоопторду жөнөкөй кара калем менен гана белгилеңиз.
  • Жооп баракчасынын үлгүсү 3-таблицада көрсөтүлдү.

3-таблица

Сынакта кандай эрежелерди сактоого тийишсиздер?

Сынактын эрежелери суроо китепчесинде өзүнчө берилет. Сынакты баштоодон мурун сынак алуучу кызматкер сынак эрежелерин үнүн бийик чыгарып окуп берет. Сынакты ийгиликтүү тапшыруу баарынан мурда Сиздин сынак эрежелерин сакташыңызга байланыштуу болот. Сынак мезгилинде сакталышы талап кылынган айрым эрежелер төмөнкүлөр:

  • Уюлдук телефон менен сынакка кирүүгө тыюу салынат.
  • Сынак мезгилинде ар кандай себептер менен сыртка чыкса, кайра кирүүгө болбойт.
  • Сынак жүрүп жатканда сынак алуучу кызматкерлер менен сүйлөшүүгө, аларга суроо берүүгө болбойт. Кызматкерлердин да абитуриенттер менен сүйлөшүүсүнө, ал эми абитуриенттердин бири-биринен калем, өчүргүч ж.б. каражаттарды алып, берүүлөрүнө тыюу салынат.
  • Сынак өтүүчү жайга эсептөөчү машиналарды, кабарлашуу каражаттарын ж.б. алып кирүүгө тыюу салынат.
  • Жооп баракчасын толтурууда жана жоопторду белгилөөдө жөнөкөй кара калем (карандаш) гана колдонулат. Калемдин башка түрлөрүн, сыя калем (ручкаларды) колдонууга уруксат берилбейт.
  • Жооптор жооп баракчасында гана белгиленүүгө тийиш. Белгилер коюлуучу тегерекчелерди боёп жатканда тегерекченин сыртына чыгарбай, булгабай боёңуз. Суроо китепчесинде белгиленген жооптор эсептелбейт.
  • Сынак мезгилинде жоопторду башкалардан көчүрүүгө аракет кылгандар, көчүргөндөр, көчүрткөндөр жана көчүрүүгө жардам бергендердин аты-жөнү аныкталат жана бул абитуриенттердин сынагы жараксыз деп табылат.
  • Суроо китепчесиндеги боштуктарды каралама (черновик) катары колдонсоңуз болот.

Сынакка кимдер каттала алат?

      КТМУнун 2025-жылкы студент кабыл алуу сынагына төмөндөгү шарттарга жооп берген абитуриенттер каттала алат:

  •  Кыргыз Республикасынын жарандары жана КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан статусу таанылган окуу жайларын бүтүргөн чет элдик жарандар;
  •  Мектептин бүтүрүүчүлөрү (11-класс) жана атайын кесиптик орто окуу жайларынын бүтүрүүчү курсунда окуп жаткандар же бүтүрүүчүлөрү;
  •  Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген босого баллдан жогору алган абитуриенттер (ЖРТ баллы 110дон жогору алгандар). Спорт илимдери факультети жана Көркөм өнөр факультетинде окууну каалагандарга ЖРТ баллы талап кылынбайт;
  • Жогорку окуу жайларында окуп жаткандар; 

      Сынакка кимдер каттала албайт?

     КТМУнун 2025-жылкы Студент кабыл алуу сынагына төмөнкү абитуриенттер каттала албайт:

  • Түркия Республикасынын жарандары. Түркия Республикасынын жарандары Түркия Республикасынын БТЖБсы тарабынан өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы жана шарттарына ылайык кабыл алынат;
  • КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан статусу таанылбаган окуу жайларын бүтүргөн чет элдик жарандар;
  • Терс иш-аракеттеринен улам жазаланып, КТМУдан чыгарылгандар;
  • КР Билим берүү жөнүндө мыйзамынын 7- беренесине ылайык университетти бүтүргөндөр.

       Сынакка катталуу үчүн керектүү документтер

    Катталуу үчүн төмөнкү документтер каттоо комиссиясына электрондук форматта тапшырылышы керек:

  • Орто мектепти (аттестат) же атайын кесиптик орто окуу (диплом) жайын бүтүргөндүгү жөнүндө документтин электрондук форматы;
  • Паспорттун электрондук форматы;
  • Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн сертификатынын электрондук форматы (Спорт илимдери факультети менен Көркөм өнөр факультетинде окууну каалагандарга талап кылынбайт. Бул эки факультеттен тышкары бардык даярдоо программаларына ЖРТ 110 баллдан жогору алгандар гана каттала алышат);
  • Акыркы үч ай ичинде түшкөн электрондук форматтагы фотосүрөт (3х4 өлчөмүндө);
  • Каттоо акысы үчүн төлөнгөн квитанциянын сүрөтү. Каттоо акысы төмөндөгү реквизитке төлөнөт:

                «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»

https://haber.manas.edu.kg/uploads/demırbank.jpeg

Эсептин номери:

1180000199932061

БИК

118004

SWIFT

DEMIKG22

     Демир банктын кассасынан төлөнгөн квитанцияларда сөзсүз абитуриенттин аты-жөнү жана сынактын түрү (жалпы сынак же чет тил сынагы) көрсөтүлүшү керек.  

    Каттоо акысы катары жалпы сынакка кирүү үчүн 750 сом, жалпы сынак жана англис тили сынагына кирүү үчүн 1000 сом төлөнөт. Англис тили сынагынын жыйынтыгы Англис тили жана адабияты программасы, Кыргызча-англисче котормочулук программасы, Экономика жана башкаруу факультетинин даярдоо программалары үчүн гана зарыл, калган даярдоо программаларына талап кылынбайт.

    Квитанцияда абитуриенттин толукк аты-жөнү көрсөтүлүшү керек. Эгерде абитуриент жалпы сынакка гана кире турган болсо, 750 сом гана төлөнөт. Ал эми жалпы сынакка жана англис тили сынагына да кире турган болсо, анда 1000 сом акы төлөнөт. Төлөмдөр «Демир Кыргыз Интернэшнл Банктын» өлкөдөгү бардык филиалдарында кабыл алынат.

 

 ЭСКЕРТҮҮКаттоо үчүн төлөнгөн каражат кандай жагдай болбосун кайра кайтарылбайт. 

       Сынакка кантип катталасыз?

      Абитуриенттер сынакка Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан даярдалган abiturient.manas.edu.kg порталы аркылуу онлайн катталат. Сынакка катталуу үчүн порталга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди жайгаштыруу керек. Сиз киргизген маалыматтар жана документтер электрондук порталга толук жана туура киргизгилгендиги операторлор тарабынан текшерилет.  Эгер бардык маалыматтар жана керектүү документтер толук жана туура киргизилген болсо портал сизге сынак баракчасын даярдап берет. Сынак баракчасын принтерден чыгарып, сынак күнү паспортуңуз менен бирге сөзсүз ала келишиңиз керек. Сизге берилген Сынак баракчасында сынак өтө турган имарат, аудиториялар көрсөтүлөт. Сынак учурунда жана даярдоо программасын тандоо иш-аракеттери толук аяктаганга чейин сизге берилген Сынак баракчасын жоготпой сакташыңыз керек. Каттоо учурунда киргизген маалыматтарыңыздын тууралыгына жана тактыгына сиз өзүңүз гана жооптуусуз. Андыктан, Сынак баракчасындагы маалыматтардын тууралыгын өтө кылдаттык менен текшерип чыгышыңыз зарыл. Эгер катталуу учурунда абитуриенттин тапшырган документтеринде же берген маалыматтарында кемчиликтер же каталар болсо, анда ал абитуриент катталуу жана сынакка кирүү укугунан ажырайт.

 

        Сынакка каттоо качан жана кайсы жерде жүргүзүлөт?

Сынакка каттоо төмөндө көрсөтүлгөн электрондук даректе жүргүзүлөт.

Электрондук порталдын дареги

Каттоо мөөнөтү

abiturient.manas.edu.kg

23-июнь-27-июнь, 2025-ж. саат 9:00 – 17:00

(2025-жылдын 1-июлуна чейин узартылды)

  • Бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын мамлекеттик дипломдоруна ээ болгондуктан;