Сынактын жыйынтыгы боюнча апелляция тартиби

Сынактын жыйынтыгына нааразы абитуриенттер сынак жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 2 (эки) күн ичинде, 2024-жылдын 9-10-июль күндөрү Студент тандоо жана жайгаштыруу борборунун апелляциялык комиссиясына жеке бөлмөдөгү апелляция деген баскыч аркылуу арыз менен кайрылса болот.

Даярдоо программаларына жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча апелляция тартиби

Даярдоо программаларына жайгаштыруунун жыйынтыгына нааразы абитуриенттер жайгаштыруунун жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 2 (эки) күн ичинде, 2024-жылдын 13-14-июль күндөрү Студент тандоо жана жайгаштыруу борборунун апелляциялык комиссиясына жеке бөлмөдөгү апелляция деген баскыч аркылуу арыз менен кайрылса болот.

Даярдоо программаларына кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча апелляция тартиби

Даярдоо программаларына кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгына нааразы абитуриенттер жай­гаштыруунун жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 1 (бир) күн ичинде, 2024-жылдын 25-июль күнү Студент тандоо жана жайгаштыруу борборунун апелляциялык комиссиясына жеке бөлмөдөгү апелляция деген баскыч аркылуу арыз менен кайрылса болот.