Чет өлкөлүк абитуриенттер:  Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынан башка чет өлкөлөрдүн, өзгөчө Түрк республикаларынын жана тектеш коомчулуктардын жарандары.

Тапшыруу үчүн талап кылынуучу шарттар:

1. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынан башка өлкөнүн жараны болуу.

2. Улуту жок, Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелерин бүтүрбөгөн жана Бириккен Улуттар Уюму тарабынан берилген качкын документине ээ болгон абитуриенттер.

3. Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлиги аныктаган критерийлердин алкагында жогорку билим берүү программасы боюнча окууга укук берген орто билими тууралуу дипломго ээ болуу. Бүтүрүүчү балл 100 системада 70 баллдан, системада 10дон 7ден, системада 5тен 4төн кем эмес болушу керек.

4. Жогорку билими бар жана бул диплом менен тапшырган абитуриенттин окуу табелинде эң аз дегенде CC деген баа болушу керек.

5. Билими же жарандыгы бар өлкөнүн жогорку окуу жайына кирүү сынагына катышуу (ОРТ, ЕНТ, ЕГЭ ж.б.у.с.).

6. Кыргыз Республикасынын окуу жайларын бүтүргөн Түркия Республикасынын жарандарынан башка чет өлкөлүк жарандар жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп туруп башка өлкөнүн жарандыгын алгандар Кыргыз Республикасынын жалпы мамлекеттик экзаменин  (ОРТ) сертификаты (босого балддан жогору болуу шарты каралат) менен же Манас-ÖSYM сынагынын жыйынтыгы менен тапшыра алышат.

7. Университетибизге мурда кабыл алынган жана окуу учурунда сабакка келбей калгандыгы, жетишпегендиги же дисциплинардык жазасы үчүн университеттен бошотулган талапкерлердин документтери кабыл алынбайт.

Документтерди тапшыруу процедурасы:

Арыздар университетке жеке, расмий өкүлдөр аркылуу, өлкөлөрдүн элчиликтери аркылуу же электрондук түрдө берилиши мүмкүн.

 

Сынакка каттоого талап кылынган документтер:

Документтерди кабыл алуу - 2023-жылдын 20-июнунан 20-августуна чейин

Жазуу түрүндөгү сынак - 2023-жылдын 1-сентябры

Оозеки сынак -2023-жылдын 4-5-сентябры

 

   Каттоо үчүн кабыл алуу комиссиясына төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • Орто билими тууралуу аттестаттын/дипломдун көчүрмөсү; окуган предметтерин жана алар боюнча алган жыйынтык бааларынын табели (орус же англис тилдерине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу).
  • ЭГЕ/ЕНТ/ОРТ сертификаты
  • Эл аралык паспорттун көчүрмөсү;
  • Ректордун атына жазылган арыз;
  • Акыркы 3 айдын ичинде тартылган 3х4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;

 Абитуриенттин орточо баасы 5 баллдык система боюнча 4 баллдан кем эмес, 100 баллдык системадан 85тен төмөн болбошу керек.

Визасыз өлкөлөрдүн чет өлкөлүк жарандары документтердин көчүрмөсүн Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук дарегине жөнөтө алышат же Бишкекке келип, окуу үчүн документтердин көчүрмөсүн жеке өзү тапшырса болот.

Виза алган өлкөлөрдүн чет өлкөлүк жарандары документтердин көчүрмөлөрүн (Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.) электрондук почтасына жөнөтүшөт. Документтер университетке «Окуу үчүн арыз» деген белги менен электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.

Билими тууралуу документтер оң жактырылгандан кийин КТМУ чет өлкөлүк абитуриенттин жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесине окууга расмий чакыруу жөнөтөт (визалык өлкөлөр үчүн).