Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 2023-2024 окуу жылы үчүн Кесиптик орто билим берүү колледжине абитуриенттерди тандоо 2023-жылдын Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча конкурстук негизде 2023-жылдын 15-16-июль күндөрү,  саат 09:00-17:00 аралыгында жүргүзүлөт. 2023-2024 окуу жылы үчүн Кесиптик орто билим берүү колледжине кабыл алынуучу программалар жана аларга бөлүнгөн орундар төмөндөгү 7-таблицада бирилди. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бюджетинен каржылана турган кесиптик даярдоо программаларына (эки жылдык) абитуриенттерди каттоо жана тандоо http://abiturient.manas.edu.kg/ баракчасынан жүргүзүлөт.

      2023-2024 окуу жылы үчүн Кесиптик орто билим берүү колледжине кабыл алынуучу программалар жана аларга бөлүнгөн орундар төмөндөгү 7-таблицада бирилди. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бюджетинен каржылана турган кесиптик даярдоо программаларына (эки жылдык) абитуриенттерди каттоо жана тандоо http://abiturient.manas.edu.kg/ баракчасынан жүргүзүлөт.

        Кесиптик орто билим берүү колледжинде (2 жылдык) билим алууну каалаган абитуриенттер ЖРТ негизги тестинен эң аз 110 балл алуусу керек (ЖРТ кошумча тести талап кылынбайт).

        ЖРТ тестинин жыйынтыгы боюнча босого баллдан жогору балл алган абитуриенттер 7-таблицада көрсөтүлгөн Кесиптик орто билим берүү колледжине кабыл алынуучу программалардын ичинен каалоосуна жараша 1 (бир) даярдоо программасын тандаса болот.

    Даярдоо программасын тандоо учурунда абитуриенттер кылдаттык менен рейтинг таблицасын текшерип, даярдоо программасынын бөлгөн орундарын (квоталарын) эске алуулары абзел.

       Туура эмес тандоо үчүн абитуриент өзү жооптуу.

     Абитуриент даярдоо программасын тандап жатканда рейтингдеги ЖРТ негизги тестинин баллына көңүл буруп, каалаган даярдоо программасын тандоого тийиш.

     Баллдары жана даярдоо программасын тандоолору бирдей болгон абитуриенттерди жайгаштыруу төмөндөгүдөй ишке ашат:

     а) Кайсы бир ЖРТ кошумча тестинин жыйынтыгы бар болуп-болбогондугу жана анын эң жогорку баллы каралып, жогору балл алган абитуриент жайгаштырылат.

     б) Кайсы бир ЖРТ кошумча тестинин жыйынтыгы да бирдей болсо, аттестаты каралып, анын орточо баасы жогору болгон абитуриент жайгаштырылат.

     в) Жогорудагы критерийлердин баары бирдей болгон учурда портал аркылуу системага биринчи катталган абитуриент жайгаштырылат.

   Конкурстун жыйынтыктары 2023-жылдын 17-июль күнү жарыяланат. Бул конкурстун негизинде Кесиптик орто билим берүү колледжине сунушталган абитуриенттер 2023-жылдын 19-21-июль күндөр аралыгында онлайн тастыктоо кылуусу зарыл. Жогоруда белгиленген күндөр аралыгында документтер тапшырылбай, алардын орду бош калса, толбой калган орундарга 2023-жылдын 24-25-июль күндөрү кошумча даярдоо программасын тандоо жүргүзүлөт (Бул жолку конкурска эң төмөнкү упайдан жогору алган, бирок биринчи конкурстун жыйынтыгы боюнча эч бир даярдоо программасына өтпөй калган же кандайдыр бир себептен улам даярдоо программасын тандоого катышпай калган абитуриенттер гана катыша алат). Кошумча даярдоо программасын тандоонун жыйынтыгы 2023-жылдын 26-июлунда жарыяланат. Кошумча даярдоо программасын тандоонун жыйынтыгы боюнча университетке сунушталган абитуриенттер 2023-жылдын 27-28-июль күндөр аралыгында онлайн тастыктоо кылуусу зарыл.

ЭСКЕРТҮҮ: Кесиптик орто билим берүү колледжинин эки жылдык окуу программаларына ЖРТнын жыйынтыгы менен гана конкурс уюштурулуп, университетке кабыл алынат. Тактап айтканда, Кесиптик орто билим берүү колледжинин программаларында билим алууну каалаган абитуриенттерге “Манас” университети тарабынан 9-июль, 2023-ж. күнү өткөрүлө турган сынакка кирүү зарылчылыгы жок.

ТАБЛИЦА 7 

ЖРТ ЖЫЙЫНТЫГЫ МЕНЕН ДАЯРДОО ПРОГРАММАЛАРЫНА КОШУМЧА ЖАЙГАШТЫРУУ ҮЧҮН КВОТАЛАР

 

КЕСИПТИК ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ КОЛЛЕДЖИ (2 ЖЫЛДЫК)

Коду

Кесиптик даярдоо программасынын аталышы

Окуу мөөнөтү (жыл)*

Каралуучу тесттин жыйынтыгы

Бөлүнгөн орун

3501

Менеджмент программасы (тармактар боюнча)

2

ЖРТнын негизги тестинин баллы

12

3502

Экономика жана бухгалтердик эсеп программасы (тармактар боюнча)

2

ЖРТнын негизги тестинин баллы

11

3503

Курулуштарды жана имараттарды куруу жана эксплуатациялоо программасы

2

ЖРТнын негизги тестинин баллы

7

3504

Автомобил унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо программасы

2

ЖРТнын негизги тестинин баллы

25

3505

Мектепке чейинки билим берүү программасы

2

ЖРТнын негизги тестинин баллы

6

3506

Маркетинг программасы (тармактар боюнча)

2

ЖРТнын негизги тестинин баллы

8

3507

Туризм программасы

2

ЖРТнын негизги тестинин баллы

10

3508

Ширетүү өндүрүшү программасы (Mеталл иштетүүнүн жана ширетүүнүн технологиясы)

2

ЖРТнын негизги тестинин баллы

25

3509

Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо программасы

2

ЖРТнын негизги тестинин баллы

17

3510

Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо программасы

2

ЖРТнын негизги тестинин баллы

5

* Даярдоо бөлүмүндөгү 1 жылдык тил үйрөтүү программасы окуу мөөнөтүнө камтылган жок.