Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борбору
Көп берилүүчү суроолор
Бардык суроолорБишкекке келгенден кийин университетти кантип тапсак болот?
Университет Жал кичи аймагында жайгашкан.
Жатаканада орун калбашы мүмкүнбү?
Даярдоо курсунун студенттерине, чет өлкөдөн келгендерге жатаканадан орун биринчи кезекте берилет. Ал эми жогорку курстун студенттерине окуу процессиндеги ийгиликтерине, жетишкендиктерине, мурунку жылы студенттер үйүндө жашаган мезгилинде эрежени сактагандыгына карата упай берилет жана эң жогорку баа алгандардан баштап тизме түзүлөт. Бул тизме боюнча жогорку упай алгандар алгачкылардан болуп тизмеден төмөндү көздөй жатаканадагы орун толгонго чейин орун алышат. Орун жетпеген студенттерге кезек боюнча орун бошогон сайын берилет.
Студенттер жатаканага жайгашууга милдеттүүбү?
Жок, бирок даярдоо курсундагы студенттерге жатаканага жайгашуусу пайдалуу. Анткени тил үйрөнүүгө өбөлгө түзөт.
Жалгыз өзүм же досторум менен бирге ижарага батир алсам болобу?
Ооба.
Ооруп калсам, кантип дарыланам?
Университеттин Ден соолук борборунда квалификациялуу дарыгерлер жана медайымдар медициналык кызмат көрсөтүшөт. Студенттер ооруп калган учурларда Ден соолук борборуна кайрылса, дарты аныкталат жана дарыланат. Стационардык дарыланууга муктаж болгон оорулуулар Бишкек шаарынын ооруканаларына жөнөтүлөт.
Университеттин Ден соолук борборунда көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн акы төлөшүм керекпи?
Ден соолук борборунун лабораториялык дартты аныктоо кызматы үчүн акы төлөнөт, башка медициналык кызмат жана борбордо болгон дары-дармектер акысыз. Бишкек шаарынын муниципалдык ооруканаларында кыргыз жарандары болгон университеттин студенттерине тиешелүү шарттарда медициналык жардам берилет. Жеке медициналык жайларда медициналык тейлөө акылуу.
Жатаканада канча орун бар?
Жатаканада 13 86 орун бар.