(Медициналык илимдер университети менен биргеликте Эл аралык биргелешкен медицина программасы)

Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) жана Медицина илимдери университети (МИУ) биргеликте ишке ашыра турган Эл аралык биргелешкен медицина программасы (ЭБМП) милдеттүү тилдик (түрк жана кыргыз) даярдоо курсун эске албаганда, 6 жылга созулат.

Медицина илимдер университетинин Медицина факультетинин Эл аралык биргелешкен медицина программасына кабыл алынган студенттер 1-3 жылын жана тилдик даярдоо курсун Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде, калган 4-6 жылын Түркиянын Стамбул шаарындагы Медицина илимдер университетинин тиешелүү окуу бөлүмдөрүндө билим алышат.

Эл аралык биргелешкен медицина программасын ийгиликтүү аяктаган студенттер эки университеттен эки башка диплом алышат, бул биргелешкен программа экенин көрсөтөт.

Окутуу тили

Даярдоо программасында окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Кыргызстандык квота боюнча программага кабыл алынган студенттер бир жыл милдеттүү түрдө түрк тилинин даярдоо курсунан өтүшөт.

ЭБМПте түрк тилинин милдеттүү даярдоо курсу бир жыл окутулат. Тил даярдоо курсу окуу программасынын 6 жылдык окуу мөөнөтүнө кирбейт.

Даярдоо курсунда окуунун максималдуу мөөнөтү – эки жыл.

2025–2026-окуу жылында Эл аралык биргелешкен медицина программасына кабыл алынган бардык студенттер тилдик даярдоо боюнча билим алышат.

Кошумча төлөм

Эл аралык биргелешкен медицина программасына өткөн студенттерден окуу үчүн кошумча акы алынат.

2025-2026-окуу жылында Эл аралык биргелешкен медицина программасынын алкагында окууну баштаган студенттер үчүн ар бир окуу жылы үчүн төлөм 4000 (төрт миң) АКШ долларын түзөт.

Тил даярдоо курстары үчүн акы алынбайт.

Кошумча төлөм, даярдоо курсун кошпогондо, ар бир окуу жылы үчүн милдеттүү болуп саналат.

Сынактарда төмөнкүдөй босого упайларды алуу керек:

Медицина факультетинин Эл аралык биргелешкен медицина программасынын конкурсуна катышуу үчүн төмөнкү талаптарга жооп берилиши керек:

1) Негизги ЖРТ тестинин жыйынтыгы – 110 жана андан жогору, химия жана биология предметтик тесттеринин ар биринен – 60 жана андан жогору.

2) КТМУ тарабынан өткөрүлгөн кирүү сынагынан Табигый-так илимдер боюнча эң аз 150 упай алуу керек.

3) Эгерде алган упайлары жана абитуриенттердин тандоолору бирдей болсо, анда бөлүштүрүү төмөнкүдөй болот:

а) ЖРТнын негизги жана предметтик тесттеринен алынган баллдардын жалпы суммасы (Негизги тест + Химия + Биология) каралат. Эгерде бул учурда натыйжалар бирдей болсо, анда:

б) ЖРТ боюнча предметтик тесттердин баллынын жалпы суммасы (Химия+Биология) каралат. Эгерде бул учурда да натыйжалар бирдей болсо, анда:

в) Негизги ЖРТ тестинен эң жогорку балл алган абитуриентке артыкчылык берилет.

ЭСКЕРТҮҮ:

Медицина факультетине 2025–2026-окуу жылында кабыл алынган студенттер тил даярдоо программасынын бошотуу сынактарына катыша албайт.