- Подробности
2017-2018 окуу жылы үчүн “Жалпы республикалык тестирлөөнүн” жыйынтыктары боюнча абитуриенттерди тандоо жана сунуштоо турларын өткөрүү графиги
(КР БИМ 18 .04 .2017 ж. № 461 /1 буйругу)
10 -15 июль |
Биринчи тур |
10 -12 июль |
Сертификат талондорун чогултуу |
12 июль саат 14.00гө чейин |
Сертификат талондорун чогултууну аяктоо |
13 июль саат 10.00гө чейин |
Кабыл алууга сунушталган абитуриент тердин тизмесинин илиниши |
13 -15 июль |
Сунушталган абитуриенттин окуу жайга окууну каалай тургандыгын тастыктоосу |
|
|
17 -22 июль |
Экинчи тур |
17 -19 июль |
Сертификат талондорун чогултуу |
19 июль саат 14.00гө чейин |
Сертификат талондорун чогултууну аяктоо |
20 июль саат 10.00гө чейин |
Кабыл алууга сунушталган абитуриент тердин тизмесинин илиниши |
20 -22 июль |
Сунушталган абитуриенттин окуу жайга окууну каалай тургандыгын тастыктоосу |
|
|
24 -29 июль
|
Үчүнчү тур (Билим берүү жана илиим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт) |
24-26 июль |
Сертификат талондорун чогултуу |
26 июль саат 14.00го чейин |
Сертификат талондорун чогултууну аяктоо |
27 июль саат 10.00го чейин |
Кабыл алууга сунушталган абитуриент тердин тизмесинин илиниши |
27-29 июль |
Сунушталган абитуриенттин окуу жайга окууну каалай тургандыгын тастыктоосу |
25 августка чейин |
КР Билим жана илим министрлигине толук отчет тапшыруу жана абитуриенттердин тизмесин НТСке * тастыктоого жөнөтүү |
*Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча (гранттык жана контракттык орундарга), аталган жогорку окуу жайында окууну кааларын тастыктаган абитуриенттердин жалпы тизмеси, НТС уюмуна тастыктоого жөнөтүлөт.
- Подробности
2025-2026-окуу жылында
Кыргыз-Түрк “Манас” университетине
КАБЫЛ АЛУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
- Жалпы негиздер
1.1.Бул эрежелер билим берүү жаатында Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз-Түрк “Манас” университетине абитуриенттерди мамлекеттик гранттык орундарга кабыл алуунун тартибин аныктайт.
1.2.Мамлекеттик билим берүү грантын алуу конкурсуна жалпы орто билимге (орто кесиптик билим) ээ жана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги аныктаган босого упайдан төмөн эмес упай алган сертификат ээлери катыша алышат.
1.3.Абитуриент Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин уставы, анын билим берүү ишмердигине алган лицензиялары, мамлекеттик жана башка аттестациядан (аккредитациядан) өткөндүгү тууралуу сертификаттары, Кыргыз-Түрк “Манас” университетине кабыл алуу эрежелери, ошондой эле кирүү сынактарынын программалары ж.б. кабыл алууга тийиштүү маалыматтар менен таанышууга укуктуу.
1.4. Мамлекеттик билим берүү грантына талапкер абитуриенттерди кабыл алуунун планы, тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн берилүүчү мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө” жобону жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы №382 «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн берилүүчү мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө жобосуна өзгөртүүлөрдө киргизүү тууралуу токтомдун негизинде аныкталат.
1.5. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде билим берүү кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Бул тилдерди билбеген студенттер негизги программаны окуудан мурда 1 жыл тил үйрөнүү даярдык курсунда окушат.
1.6. Кыргыз-Түрк “Манас” университетине өтүүнүн негизги критерийлери:
- абитуриенттин билим деңгээли жана жөндөмдүүлүктөрү;
- жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы.
- Жогорку окуу жайдын гранттык комиссиясы
2.1. Гранттык комиссия мамлекеттик билим берүү гранттарына талапкер абитуриенттерди айкын жана объективдүү конкурстук тандоо жана кабыл алууну уюштуруу үчүн түзүлөт.
Комиссиянын курамы жана анын ыйгарым укуктары “Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартибине” ылайык аныкталат (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 токтому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы №382 «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн берилүүчү мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө жобосуна өзгөртүүлөрдө киргизүү тууралуу токтомдун менен бекитилген).
2.2. Гранттык комиссиянын төрагасы/төрайымынын милдеттерине кабыл алуу планын аткаруу, лицензияда чектелген окуучулардын санын сактоо, жогорку окуу жайга кабыл алуу боюнча талаптарга, мыйзамдык актыларга, укуктук-ченемдик документтерге ылайык иш жүргүзүү, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын милдеттерин аныктоо, иш алып баруу тартибин бекитүү, кабыл алуу жана апелляциялые комиссиялардын иш графигин бекитүү кирет.
2.3. Гранттык комиссиянын курамына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору же биринчи проректору – төрага (төрайым), проректорлордун бирөө - төраганын (төрайымдын) орун басары, жооптуу катчы, жооптуу катчынын орун басары, жалпы республикалык тестирлөө боюнча гранттык орун бөлүнгөн факультеттерден (жогорку мектептерден) бирден өкүл кирет.
2.4. Гранттык комиссиянын жооптуу катчысы гранттык комиссиянын иш алып баруусуна жооп берет. Гранттык комиссиянын жооптуу катчысы министрликтин макулдугу менен университеттин жетекчилиги тарабынан дайындалат.
- Документтерди кабыл алуу
3.1. Кыргыз-Түрк «Манас» университетине 2025-2026 окуу жылына ЖРТнын жыйынтынгы аркылуу кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталган босого упайдан төмөн болбогон упай менен Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу конкурсуна катышуунун автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС “КР жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуу”) аркылуу www.2020.edu.gov.kg порталында дистанттык жол менен жүргүзүлөт.
3.2. Грант алуу конкурсуна негизги тест боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги белгилеген чек упайынан жогору упай алган абитуриенттер катышат. Мөөнөттүү аскер кызматын өтөп келген абитуриенттердин андан мурун тапшырган ЖРТ натыйжалары 3 жылга чейин жарактуу болуп саналат.
3.3. Гранттык (бюджеттик) орундарга тандоо жана кабыл алуу 5 тур менен өтөт:
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 2025-2026 – окуу жылына абитуриенттерди тандоо турларынын жана кабыл алууну өткөрүү графиктери
14-19- июль |
Биринчи тур |
14-16 июль саат |
Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо |
16- июль саат 14:00 |
Конкурска катышуу үчүн каттоону аяктоо |
17-июль саат 10:00гө чейин |
Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тизмесин жайгаштыруу |
17-19 июль саат 16:00 гө чейин |
Университетке кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу |
21-26-июль |
Экинчи тур(бош калган орундар болгон учурда) |
21-23-июль |
Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо |
23- июль саат 14:00 |
Конкурска катышуу үчүн каттоону аяктоо |
24-июль саат 10:00 гө чейин |
Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тизмесин жайгаштыруу |
24-26 июль саат 16:00 гө чейин |
Университетке кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу |
28-июль- 02- август |
Үчүнчү тур(бош калган орундар болгон учурда) |
28-30июль |
Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо |
30- июль саат 14:00 |
Конкурска катышуу үчүн каттоону аяктоо |
31-июль саат 10:00гө чейин |
Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тизмесин жайгаштыруу |
31-июль 02-август саат 16:00 гө чейин |
Университетке кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу |
04-09 август |
Төртүнчү тур (бош калган орундар болгон учурда) |
04-07 –август |
Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо |
07-август саат 14:00 |
Конкурска катышуу үчүн каттоону аяктоо |
08-август саат 10:00гө чейин |
Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тизмесин жайгаштыруу |
08-10- август саат 16:00 гө чейин |
Университетке кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу |
12-17- август |
Бешинчи тур (бош калган орундар болгон учурда) |
12-14 август |
Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо |
14-август саат 14:00 |
Конкурска катышуу үчүн каттоону аяктоо |
15-август саат 10:00гө чейин |
Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тизмесин жайгаштыруу |
15-17 -август саат 16:00 гө чейин |
Университетке кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу |
|
|
Кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча абиryриент апелляциялык комиссияга анын пикири боюнча кабыл алууну өткөpүүнүн белгиленген тартибинин бузулгандыгы жана/же анын жыйынтыктары менен макул эместиги жөнүндө жазуу жүзүндөrү апелляциялык арызды беруугө укуктуу.
Апелляцияны кабыл алуунун жыйынтыктары жарыялагандан кийинки күнү абитуриент жеке өзү берет. Кабыл алуу комиссиясы апелляцияларды кабыл алууну бир жумуш күн аралыгында камсыз кылат.
Абитуриент апелляцияны кароодо катышууга укуктуу. Абитуриентте ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ болууга тийиш. Мыйзамга ылайык жашы жете элек (18 жашка чейинки) абитуриент менен ата-энесинин бири же анын мыйзамдуу өкүлү катышууга укуктуу.
Апелляцияны кароодон кийин аппелляциялык комиссиянын апелляциянын жыйынтыктары жөнүндө чечими чыгарылат. Апелляциялык комиссиянын протокол менен таризделген чечими абиryриентке билдирилет.
- Подробности
Выписка
из приложения к приказу Министерства образования и науки Кыргызской Республики «Об утверждении плана приема по государственным образовательным грантам в вузы на 2016-2017 учебный год» от 14 июня 2016 года № 879/1
вуз |
код |
направление/специальность |
количество грантов |
КТУ «Манас» |
510200 |
Прикладная математика и информатика |
10 |
КТУ «Манас» |
710400 |
Программная инженерия |
10 |
КТУ «Манас» |
520200 |
Биология |
5 |
КТУ «Манас» |
720100 |
Химическая технология |
10 |
КТУ «Манас» |
610200 |
Агрономия |
15 |
КТУ «Манас» |
740300 |
Технология продукции и организация общественного питания |
5 |
КТУ «Манас» |
600300 |
Гостиничное дело |
10 |
КТУ «Манас»
|
600100 |
Сервис |
10 |
КТУ «Манас» |
600200 |
Туризм |
5 |
КТУ «Манас» |
|
Квота для абитуриентов-льготников* |
5 |
КТУ «Манас» |
|
Квота для детей лиц, погибщих в событиях 17-18 марта 2002 года в Аксыйском районе Джалал-Абадской области, в апрельских-июньских событиях 2010 года, и для лиц, имеющих статус кайрылманов |
3 |
|
|
|
88 |
Примечание:
*абитуриенты-льготники (инвалиды I , II групп, лица, приравненные по льготам и гарантиям к участникам войны и к инвалидам войны, инвалиды детства, дети инвалиды, дети сироты и дети, оставшиеся без попечения родителей, военнослужащие, уволенные в запас, дети лиц, погибщих в апрельских-июньских событиях 2010 года, и лица, имеющие статус кайрылманов, зачисляются на грантовые места в соответствии с пунктом 3.5. Положения об отборе и зачислении в вузы КР по результатам общереспубликанского тестирования, утвержденного постановлением Правительства КР от 27 мая 2011 года (в редакции постановлений Правительства КР от 19 июня 2012 года № 429 и от 16 июня 2014 года № 328)
Выписка верна
- Подробности
Көркөм өнөр факультети жана Спорт илимдери факультети тарабынан өткөрүлө турган адистик сынактарынын тартиби 5-6 таблицаларда көрсөтүлдү.
5-ТАБЛИЦА
Спорт илимдери факультети |
|
1-тур | |
Даярдоо программасын тандоо |
9-11-июль 2025-ж. |
Медициналык көзөмөлдөн өтүү жана медсправкасын тапшыруу күндөрү |
9-11-июль 2025-ж. |
Сынактын түрлөрүнөн консультация берүү | 14-июль, 2025-ж. 09:00-17:00 |
Спорттук жөндөмдүүлүктү аныктоо сынактары | 16-17-июль, 2025-ж. |
Сынактын жыйынтыктарынын жарыяланышы | 17-июль 2025-ж. саат 17:00 |
Даярдоо программаларына жайгаштыруу/каттоо | 18-июль, 2025-ж. |
Сынак өтө турган жери | Тийиштүү факультеттин имараты |
2-тур (бош калган орундар болгон учурда)
Даярдоо программасын тандоо |
21-22-июль, 2025-ж. |
Медициналык көзөмөлдөн өтүү жана медсправкасын тапшыруу күндөрү |
23-июль, 2025-ж. |
Спорттук жөндөмдүүлүктү аныктоо сынактары | 24-июль, 2025-ж. |
Сынактын жыйынтыктарынын жарыяланышы | 25-июль, 2025-ж. |
Даярдоо программаларына жайгаштыруу/каттоо | 25-27-июль, 2025-ж. |
ЭСКЕРТҮҮ: Тандап алган спорт түрү боюнча экзамендерине кирүү үчүн жашаган жери боюнча же Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерден тереңдетилген медициналык текшерүүдөн өтүп, ден соолугунун абалы жөнүндө корутундуну берүү зарыл. Медициналык кароодон өтпөгөн абитуриенттер экзамендерге киргизилбейт (бланк тиркеме 1).
6-ТАБЛИЦА
Көркөм өнөр факультети |
|
1-тур | |
Даярдоо программасын тандоо |
9-11-июль 2025-ж. |
Өзгөчө жөндөмдүүлүктү аныктоо сынактары |
16-17 июль, 2025-ж |
Сынактын жыйынтыктарынын жарыяланышы |
17-июль 2025, саат 17:00 |
Даярдоо программаларына жайгаштыруу/каттоо |
18-19-июль, 2025-ж. |
Сынак өтө турган жери |
Тийиштүү факультеттин имараты |
2-тур (бош калган орундар болгон учурда)
Даярдоо программасын тандоо |
21-22-июль, 2025-ж. |
Өзгөчө жөндөмдүүлүктү аныктоо сынактары | 24-июль, 2025-ж. 09:30-12:30 |
Сынактын жыйынтыктарынын жарыяланышы | 25-июль 2025, саат 12:00 |
Даярдоо программаларына жайгаштыруу/каттоо | 25-27-июль, 2025-ж. |
- Подробности
Сынактын жыйынтыгы боюнча апелляция тартиби
Сынактын жыйынтыгына нааразы абитуриенттер сынак жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 2 (эки) күн ичинде, 2025-жылдын 8-9-июль күндөрү Студент тандоо жана жайгаштыруу борборунун апелляциялык комиссиясына жеке бөлмөдөгү апелляция деген баскыч аркылуу арыз менен кайрылса болот.
Даярдоо программаларына жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча апелляция тартиби
Даярдоо программаларына жайгаштыруунун жыйынтыгына нааразы абитуриенттер жайгаштыруунун жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 2 (эки) күн ичинде, 2025-жылдын 13-14-июль күндөрү Студент тандоо жана жайгаштыруу борборунун апелляциялык комиссиясына жеке бөлмөдөгү апелляция деген баскыч аркылуу арыз менен кайрылса болот.
Даярдоо программаларына кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча апелляция тартиби
Даярдоо программаларына кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгына нааразы абитуриенттер жайгаштыруунун жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 1 (бир) күн ичинде, 2025-жылдын 24-июль күнү Студент тандоо жана жайгаштыруу борборунун апелляциялык комиссиясына жеке бөлмөдөгү апелляция деген баскыч аркылуу арыз менен кайрылса болот.
- Подробности
- Даярдоо программаларына жайгаштыруунун жыйынтыгы 2025-жылдын 12-июль күнү электрондук порталда жарыяланат.
- Андан тышкары, абитуриенттерди дардоо программаларына жайгаштыруунун жыйынтыгы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин интернет барагына (http://www.manas.edu.kg жана http://exams.manas.edu.kg) жарыяланат.
Даярдоо программаларына кошумча жайгаштыруу
Даярдоо программаларына жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча университетке өткөн абитуриенттер 2025-жылдын 15-18-июль күндөр аралыгында жеке бөлмө аркылуу онлайн тастыктоо кылуусу зарыл. Жогоруда белгиленген күндөр аралыгында документтер тапшырылбай, алардын орду бош калса, толбой калган орундарга 2025-жылдын 21-22-июль күндөрү кошумча даярдоо программасын тандоо электрондук портал аркылуу жүргүзүлөт (Бул жолку конкурска босого упайдан жогору алган, бирок биринчи конкурстун жыйынтыгы боюнча эч бир даярдоо программасына өтпөй калган же кандайдыр бир себептен улам даярдоо программасын тандоого катышпай калган абитуриенттер гана катыша алат). Кошумча дярдоо программасын тандоонун жыйынтыгы 2025-жылдын 23-июлунда электрондук порталда жарыяланат. Кошумча даярдоо программасын тандоонун жыйынтыгы боюнча университетке өткөн абитуриенттер 2025-жылдын 25-27-июль күндөр аралыгында жеке бөлмө аркылуу онлайн тастыктоо кылуусу зарыл.