- Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окутуу АКЫСЫЗ.
- 2020-2021 окуу жылына гана карата COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бюджетинен каржылана турган орундарга абитуриенттерди тандоо 2020-жылдын Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча алынат.
- Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бюджетинен каржылана турган орундарга абитуриенттерди тандоо ЖРТ упайларынын сандары гана эске алынып конкурстук негизде жүргүзүлөт, башка жагдайлар (социалдык статусу, аймактык категориялар, льготалар ж.б.) эске алынбайт.
- Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бюджетинен каржылана турган орундарга абитуриенттерди каттоо жана тандоо http://abiturient.manas.edu.kg/ баракчасынан жүргүзүлөт.
- Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бюджетинен каржылана турган орундарга конкурска катышууну каалаган абитуриенттер ЖРТнын негизги тестинен 110 упайдан жогору жана кошумча сабактар тестинен эң аз 60 упай алышы талап кылынат.
- Кошумча адистик сыноону талап кылган Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби жана Көркөм өнөр факультетинде окууну каалаган абитуриенттердин ЖРТнын негизги тестинен алган жыйынтыгы 100 упайдан жогору болушу зарыл, кошумча сабактардан тесттер талап кылынбайт.
- Орто кесиптик адистиктери (2 жылдык) боюнча окууну каалаган абитуриенттердин ЖРТнын негизги тестинен алган жыйынтыгы 100 упайдан жогору болушу зарыл. Бул адистиктерге ЖРТнын кошумча сабактардан тесттер талап кылынбайт.
- Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үч турда жүргүзүлөт. Экинчи жана үчүнчү турлар бош калган орундар болгон учурда жарыяланат.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бөлгөн мамлекеттик гранттык орундарга абитуриенттер университетке кабыл алынат. Бул гранттык орундарга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин https://enrol.edu.gov.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлөт.
1-Таблица
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бюджетинен каржыланган орундарга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын календары
I-тур |
|
|
|
Конкурска каттоо |
20-22-июль, 2020 ж. саат 14.00 чейин |
|
|
Конкурстун жыйынтыктарынын жарыяланышы |
22-июль, 2020 ж. |
|
|
Апелляцияларды кабыл алуу жана кароо |
23-июль, 2020 ж. саат 09.00-12.00 аралыгында |
|
|
Конкурстан өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу |
23-июль, 2020 ж. саат 13.30дан 26-июль, 2020-ж. саат 14.00 чейин |
|
|
Бош калган орундарга конкурстун жарыяланышы |
26-июль, 2020-ж. |
|
|
II-тур (бош калган орундар болгон учурда) |
|
|
|
Конкурска каттоо |
27-29-июль, 2020 ж. саат 14.00 чейин |
|
|
Конкурстун жыйынтыктарынын жарыяланышы |
29-июль, 2020 ж. |
|
|
Апелляцияларды кабыл алуу жана кароо |
30-июль, 2020 ж. саат 09.00-12.00 аралыгында |
|
|
Конкурстан өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу |
1-август, 2020 ж. 2-август, 2020 ж. саат 14.00 чейин |
|
|
Бош калган орундарга конкурстун жарыяланышы |
2-август, 2020 ж. |
|
|
III-тур (бош калган орундар болгон учурда) |
|
|
|
Конкурска каттоо |
3-5-август, 2020 ж. саат 14.00 чейин |
|
|
Конкурстун жыйынтыктарынын жарыяланышы |
5-август, 2020 ж. |
|
|
Апелляцияларды кабыл алуу жана кароо |
6-август, 2020 ж. саат 09.00-12.00 аралыгында |
|
|
Конкурстан өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу |
6-7 август, 2020 ж. |
|
|
- Абитуриенттер ар бир турда бир гана даярдоо багытын/адистигин тандай алат.
- Абитуриенттер каттоо учурунда ЖРТ сертификатынын каттоо номерин жана упайын киргизүүлөрү керек. Ошондой эле ЖРТ сертификатынын жана паспортунун (ID карта) сүрөтүн да тартып киргзиши керек. Бул маалыматтардын так жана туура киргизилүүсүнө толугу менен абитуриент өзү жооптуу.
- Эгерде абитуриенттердин ЖРТ упайлары бирдей болуп калса, кошумча тесттин жыйынтыгы жогору болгон абитуриентке артыкчылык берилет.
- Ал эми кошумча тесттин жыйынтыгы да бирдей болуп кала турган болсо, каттодон биринчи өткөн абитуриентке артыкчылык берилет.
- Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын бирөөсүндө конкурстан өтпөй калган абитуриенттер кийинки турларга катышууга укуктуу.
- Абитуриент кайсы бир турда конкурстан өтүп, бирок документтерин кандайдыр бир себеп менен тапшырбаса, кийинки турларга катышууга укугу бар.
- ЖРТ жыйынтыгы боюнча “Алтын Сертификатка” жетишкен абитуриенттер конкурстан сырткары тандаган даярдоо багытына/адистигине алынат.
- Конкурстун жыйнтыгына карата апелляциялар Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу борборуна берилет.
- Кошумча адистик сынак талап кылынган багыттарга/адистиктерге абитуриенттерди кабыл алуу адистик сынактын жыйынтыктарына карата конкурстук негизде жүргүзүлөт.
- Кошумча адистик сынак талап кылган Дене тарбия жана спорт жогорку мектебине жана Көркөм өнөр факультетине абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын календары төмөндөгүдөй.
2-Таблица
Кошумча адистик сынакты талап кылган даярдоо багыттарына/адистиктерине абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын календары
I-тур |
|
|
|
Адистик сынагына катышууга укуктуу абитуринттердин тизмесинин жарыяланышы |
22-июль, 2020 ж. |
|
|
Адистик сынактарынын өткөрүлүшү |
23-24 июль, 2020 ж. |
|
|
Адистик сынактардын жыйынтыктарынын жарыяланышы |
24-июль, 2020 ж. саат 17.00 |
|
|
Конкурстан өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу |
25-июль, 2020 ж. 26-июль, 2020 ж. саат 14.00 чейин |
|
|
Бош калган орундарга конкурстун жарыяланышы |
26-июль, 2020 ж. |
|
|
II-тур (бош калган орундар болгон учурда) |
|
|
|
Адистик сынагына катышууга укуктуу абитуринттердин тизмесинин жарыяланышы |
29-июль, 2020 ж. |
|
|
Адистик сынактарынын өткөрүлүшү |
30-31 июль, 2020 ж. |
|
|
Адистик сынактардын жыйынтыктарынын жарыяланышы |
31-июль, 2020 ж. Саат 17.00 |
|
|
Конкурстан өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу |
1-август, 2020 ж. 2-август, 2020 ж. саат 14.00 чейин |
|
|
Бош калган орундарга конкурстун жарыяланышы |
2-август, 2020 ж. |
|
|
III-тур (бош калган орундар болгон учурда) |
|
|
|
Адистик сынагына катышууга укуктуу абитуринттердин тизмесинин жарыяланышы |
5-август, 2020 ж. |
|
|
Адистик сынактарынын өткөрүлүшү |
6-август, 2020 ж. |
|
|
Адистик сынактардын жыйынтыктарынын жарыяланышы |
6-август, 2020 ж. саат 17.00 |
|
|
Конкурстан өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу |
7-август, 2020 ж. |
|
|
- Конкурстан өткөн абитуриенттердин университетке тапшырышы керек болгон документтердин тизмеси кошумча жарыяланат.