2025-2026-окуу жылында

Кыргыз-Түрк “Манас” университетине

 

КАБЫЛ АЛУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ

  1. Жалпы негиздер

 

1.1.Бул эрежелер билим берүү жаатында Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана  жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз-Түрк “Манас” университетине абитуриенттерди мамлекеттик гранттык орундарга кабыл алуунун тартибин аныктайт.

 

1.2.Мамлекеттик билим берүү грантын  алуу конкурсуна жалпы орто билимге (орто кесиптик билим) ээ жана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги аныктаган босого упайдан төмөн эмес упай  алган сертификат ээлери катыша алышат.

 

1.3.Абитуриент Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин уставы, анын билим берүү ишмердигине алган лицензиялары, мамлекеттик жана башка аттестациядан (аккредитациядан) өткөндүгү тууралуу сертификаттары, Кыргыз-Түрк “Манас” университетине кабыл алуу эрежелери, ошондой эле кирүү сынактарынын программалары ж.б. кабыл алууга тийиштүү маалыматтар менен таанышууга укуктуу. 

 

1.4. Мамлекеттик билим берүү грантына талапкер абитуриенттерди кабыл алуунун планы, тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн берилүүчү мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө” жобону жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы №382 «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн берилүүчү мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө жобосуна өзгөртүүлөрдө киргизүү тууралуу токтомдун негизинде аныкталат.

 

1.5. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде билим берүү кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Бул тилдерди билбеген студенттер негизги программаны окуудан мурда 1 жыл тил үйрөнүү даярдык курсунда окушат.

 

1.6. Кыргыз-Түрк “Манас” университетине өтүүнүн негизги критерийлери:

-          абитуриенттин билим деңгээли жана жөндөмдүүлүктөрү;

-          жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы.

 

  1. Жогорку окуу жайдын гранттык комиссиясы

 

2.1. Гранттык комиссия мамлекеттик билим берүү гранттарына талапкер абитуриенттерди айкын жана объективдүү конкурстук тандоо жана кабыл алууну уюштуруу үчүн түзүлөт.

Комиссиянын курамы жана анын ыйгарым укуктары “Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартибине” ылайык аныкталат (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 токтому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы №382 «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн берилүүчү мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө жобосуна өзгөртүүлөрдө киргизүү тууралуу токтомдун менен бекитилген).

 

2.2. Гранттык комиссиянын төрагасы/төрайымынын милдеттерине кабыл алуу планын аткаруу, лицензияда чектелген окуучулардын санын сактоо, жогорку окуу жайга кабыл алуу боюнча талаптарга, мыйзамдык актыларга, укуктук-ченемдик документтерге ылайык иш жүргүзүү, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын милдеттерин аныктоо, иш алып баруу тартибин бекитүү, кабыл алуу жана апелляциялые комиссиялардын иш графигин бекитүү кирет.

 

2.3. Гранттык комиссиянын курамына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору же биринчи проректору – төрага (төрайым), проректорлордун бирөө - төраганын (төрайымдын) орун басары, жооптуу катчы, жооптуу катчынын орун басары, жалпы республикалык тестирлөө боюнча гранттык орун бөлүнгөн факультеттерден (жогорку мектептерден) бирден өкүл кирет.

 

2.4. Гранттык комиссиянын жооптуу катчысы гранттык комиссиянын иш алып баруусуна жооп берет. Гранттык комиссиянын жооптуу катчысы министрликтин макулдугу менен университеттин жетекчилиги тарабынан дайындалат.

 

 

  1. Документтерди кабыл алуу

 

3.1. Кыргыз-Түрк «Манас» университетине 2025-2026 окуу жылына ЖРТнын жыйынтынгы аркылуу кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталган босого упайдан төмөн болбогон упай менен Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу конкурсуна катышуунун автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС “КР жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуу”) аркылуу  www.2020.edu.gov.kg порталында дистанттык жол менен жүргүзүлөт.

 

3.2. Грант алуу конкурсуна негизги тест боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги белгилеген чек упайынан жогору упай алган абитуриенттер катышат. Мөөнөттүү аскер кызматын өтөп келген абитуриенттердин андан мурун тапшырган ЖРТ натыйжалары 3 жылга чейин жарактуу болуп саналат. 

        

3.3. Гранттык (бюджеттик) орундарга тандоо жана кабыл алуу 5 тур менен өтөт:

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 2025-2026 – окуу жылына  абитуриенттерди тандоо турларынын жана кабыл алууну өткөрүү графиктери

 

14-19- июль

Биринчи тур

14-16 июль саат

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо

16- июль саат 14:00

Конкурска катышуу үчүн каттоону аяктоо

17-июль саат 10:00гө чейин

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тизмесин жайгаштыруу

17-19 июль саат 16:00 гө чейин

Университетке кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу

21-26-июль

Экинчи тур(бош калган орундар болгон учурда)

21-23-июль

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо

23- июль саат 14:00

Конкурска катышуу үчүн каттоону аяктоо

24-июль саат 10:00 гө чейин

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тизмесин жайгаштыруу

24-26 июль саат 16:00 гө чейин

Университетке кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу

28-июль- 02- август

Үчүнчү тур(бош калган орундар болгон учурда)

28-30июль

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо

30- июль саат 14:00

Конкурска катышуу үчүн каттоону аяктоо

31-июль саат 10:00гө чейин

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тизмесин жайгаштыруу

31-июль 02-август саат 16:00 гө чейин

Университетке кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу

04-09 август

Төртүнчү тур (бош калган орундар болгон учурда)

04-07 –август            

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо

07-август саат 14:00

Конкурска катышуу үчүн каттоону аяктоо

08-август саат 10:00гө чейин

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тизмесин жайгаштыруу

08-10- август саат 16:00 гө чейин

Университетке кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу

12-17- август

Бешинчи тур (бош калган орундар болгон учурда)

             12-14 август

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо

14-август саат 14:00

Конкурска катышуу үчүн каттоону аяктоо

15-август саат 10:00гө чейин

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тизмесин жайгаштыруу

15-17 -август саат 16:00 гө чейин

Университетке кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу

 

 

 

 

 

Кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча абиryриент апелляциялык комиссияга анын пикири боюнча кабыл алууну өткөpүүнүн белгиленген тартибинин бузулгандыгы жана/же анын жыйынтыктары менен макул эместиги жөнүндө жазуу жүзүндөrү апелляциялык арызды беруугө укуктуу.

Апелляцияны кабыл алуунун жыйынтыктары жарыялагандан кийинки күнү абитуриент жеке өзү берет. Кабыл алуу комиссиясы апелляцияларды кабыл алууну бир жумуш күн аралыгында камсыз кылат.

Абитуриент апелляцияны кароодо катышууга укуктуу. Абитуриентте ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ болууга тийиш. Мыйзамга ылайык жашы жете элек (18 жашка чейинки) абитуриент менен ата-энесинин бири же анын мыйзамдуу өкүлү катышууга укуктуу.

Апелляцияны кароодон кийин аппелляциялык комиссиянын апелляциянын жыйынтыктары жөнүндө чечими чыгарылат. Апелляциялык комиссиянын протокол менен таризделген чечими абиryриентке билдирилет.