Manas

Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борбору

Кыргыз-Түрк «Манас» университети

Адистик боюнча сынактар

Көркөм өнөр факультети жана Спорт илимдери факультети тарабынан өткөрүлө турган адистик сынактарынын тартиби 5-6 таблицаларда көрсөтүлдү.

 5-ТАБЛИЦА

Спорт илимдери факультети

Сынак өтө турган жери Тийиштүү факультеттин имараты
Күнү жана убактысы Иш-чаранын аталышы
1-тур
8-10-июль 2026-ж. Даярдоо программасын тандоо
8-10-июль 2026-ж. Медициналык көзөмөлдөн өтүү жана медсправкасын тапшыруу күндөрү
13-июль, 2026-ж. 09:00-17:00 Сынактын түрлөрүнөн консультация берүү
14-15-июль, 2026-ж. Спорттук жөндөмдүүлүктү аныктоо сынактары
16-июль 2026-ж. саат 17:00 Сынактын жыйынтыктарынын жарыяланышы
17-июль, 2026-ж. Даярдоо программаларына жайгаштыруу/каттоо
2-тур (бош калган орундар болгон учурда)
20-21-июль, 2026-ж. Даярдоо программасын тандоо
22-июль, 2026-ж. Медициналык көзөмөлдөн өтүү жана медсправкасын тапшыруу күндөрү
23-июль, 2026-ж. Спорттук жөндөмдүүлүктү аныктоо сынактары
24-июль, 2026-ж. Сынактын жыйынтыктарынын жарыяланышы
25-26-июль, 2026-ж. Даярдоо программаларына жайгаштыруу/каттоо

Эскертүү: Спорт илимдери факультетине тапшыруу үчүн жашаган жери боюнча берилген 086/у үлгүсүндөгү медициналык маалымкатты тапшыруу талап кылынат.

Медициналык кароодон төмөнкү медициналык мекемелерде өтүүгө болот:

  • райондук, облустук жана шаардык мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде;
  • шаардык студенттер поклиникасында Бишкек ш. Рыскулов көчөсү, 8 (1-кабат);

Маанилүү! Медициналык маалымкат сынактар башталганга чейин кабыл алуу комиссиясына тапшырылышы керек.

086/у үлгүсүндөгү медициналык маалымкаты жок абитуриенттер тандаган спорт түрү боюнча кирүү сынагына киргизилбейт.

Спорт зал А-17

Тел. 0707697769, 0550723433, 0706706591

6-ТАБЛИЦА

Көркөм өнөр факультети

Сынак өтө турган жери Тийиштүү факультеттин имараты
Күнү жана убактысы Иш-чаранын аталышы
1-тур
8-10-июль 2026-ж. Даярдоо программасын тандоо
13-14-июль, 2026-ж. Өзгөчө жөндөмдүүлүктү аныктоо сынактары
16-июль 2026-ж. Сынактын жыйынтыктарынын жарыяланышы
17-июль, 2026-ж. Даярдоо программаларына жайгаштыруу/каттоо
2-тур (бош калган орундар болгон учурда)
20-21-июль, 2026-ж. Даярдоо программасын тандоо
23-июль, 2026-ж. Өзгөчө жөндөмдүүлүктү аныктоо сынактары
24-июль 2026-ж. Сынактын жыйынтыктарынын жарыяланышы
25-26-июль, 2026-ж. Даярдоо программаларына жайгаштыруу/каттоо

 

Көркөм өнөр факультетинин адистик сынактарына даярдык боюнча консультациялар

Көркөм өнөр факультетинин адистик сынактарына катышууну каалаган абитуриенттер үчүн консультациялар өткөрүлөт.

Консультациялар факультеттин адистери тарабынан өткөрүлүп, адистик сынактарына даярдануу боюнча абитуриенттерге кеңештер жана керектүү маалыматтар берилет.

Консультация өтүүчү күндөрү:

📅 2026-жылдын 6–10-июлу

Убактысы:

🕙 10:00–16:00

📍 Жери:
Ч. Айтматов атындагы кампус,
Кыргыз-Түрк «Манас» университети,
Көркөм өнөр факультети,
720038, Жал кичи району, Бишкек, Кыргызстан.

Толук маалымат үчүн:

https://gsf.manas.edu.kg/kg/news/3308

Кошумча маалымат үчүн:

📞 0705 144 585