КТМУнун 2025-жылкы студент кабыл алуу сынагына төмөндөгү шарттарга жооп берген абитуриенттер каттала алат:
КТМУнун 2025-жылкы Студент кабыл алуу сынагына төмөнкү абитуриенттер каттала албайт:
Катталуу үчүн төмөнкү документтер каттоо комиссиясына электрондук форматта тапшырылышы керек:
«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»
|
Эсептин номери: |
1180000199932061 |
|
БИК |
118004 |
|
SWIFT |
DEMIKG22 |
Демир банктын кассасынан төлөнгөн квитанцияларда сөзсүз абитуриенттин аты-жөнү жана сынактын түрү (жалпы сынак же чет тил сынагы) көрсөтүлүшү керек.
Каттоо акысы катары жалпы сынакка кирүү үчүн 500 сом, англис тили сынагына кирүү үчүн кошумча дагы 500 сом төлөнөт. Англис тили сынагынын жыйынтыгы Англис тили жана адабияты программасы, Кыргызча-англисче котормочулук программасы, Экономика жана башкаруу факультетинин даярдоо программалары үчүн гана зарыл, калган даярдоо программаларына талап кылынбайт. Эгерде абитуриент жалпы сынакка гана кире турган болсо, 500 сом гана төлөнөт. Ал эми жалпы сынакка жана англис тили сынагына да кире турган болсо, анда 1000 сом акы төлөнөт. Төлөмдөр «Демир Кыргыз Интернэшнл Банктын» өлкөдөгү бардык филиалдарында кабыл алынат.
ЭСКЕРТҮҮ: Каттоо үчүн төлөнгөн каражат кандай жагдай болбосун кайра кайтарылбайт.
Абитуриенттер сынакка Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан даярдалган abiturient.manas.edu.kg порталы аркылуу онлайн катталат. Сынакка катталуу үчүн порталга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди жайгаштыруу керек. Сиз киргизген маалыматтар жана документтер электрондук порталга толук жана туура киргизгилгендиги операторлор тарабынан текшерилет. Эгер бардык маалыматтар жана керектүү документтер толук жана туура киргизилген болсо портал сизге сынак баракчасын даярдап берет. Сынак баракчасын принтерден чыгарып, сынак күнү паспортуңуз менен бирге сөзсүз ала келишиңиз керек. Сизге берилген Сынак баракчасында сынак өтө турган имарат, аудиториялар көрсөтүлөт. Сынак учурунда жана даярдоо программасын тандоо иш-аракеттери толук аяктаганга чейин сизге берилген Сынак баракчасын жоготпой сакташыңыз керек. Каттоо учурунда киргизген маалыматтарыңыздын тууралыгына жана тактыгына сиз өзүңүз гана жооптуусуз. Андыктан, Сынак баракчасындагы маалыматтардын тууралыгын өтө кылдаттык менен текшерип чыгышыңыз зарыл. Эгер катталуу учурунда абитуриенттин тапшырган документтеринде же берген маалыматтарында кемчиликтер же каталар болсо, анда ал абитуриент катталуу жана сынакка кирүү укугунан ажырайт.
Сынакка каттоо төмөндө көрсөтүлгөн электрондук даректе жүргүзүлөт.
|
Электрондук порталдын дареги |
Каттоо мөөнөтү |
|
|
саат 9:00 – 17:00 |
||