Сынактын жыйынтыгында «гуманитардык илимдер», «табигый-так илимдер» жана «гуманитардык, табигый-так илимдер бирдей» деген критерийлер боюнча үч түрдүү упай эсептелип чыгат. Англис тили сынагына кирген студенттердин упайлары өзүнчө эсептелет.
Төрт ката жооп бир туура жоопту жоюп кеткендиктен, туура жооптордун санынан ката жооптордун жалпы санынын төрттөн бири кемитилет. Мисалы, 20 туура, 8 ката жообуңуз болсо, анда туура жоопторуңуздун саны 18ге түшөт.
ЭСКЕРТҮҮ: Университеттин окумуштуулар кеңешинин 01.07.2021-ж., 2021-10.48 номерлүү чечимининин негизинде, университетте окуп жатып, сынакка кирген абитуриенттердин сынакта алган упайынын 20 % кемитилет.
Факультеттерде окууга талапкер болуу үчүн артыкчылык берилген сабактарды эске алуу менен сынакта эң аз 120 упай топтоо зарыл.
Теология факультетинин Теология даярдоо программасын тандоо укугуна ээ болуу үчүн гуманитардык багыттагы сабактардан эң аз 110 упай топтоо зарыл.
Искусство факультетин жана Спорт илимдери факультетин тандоо укугуна ээ болуу үчүн эң аз 100 упай топтоо зарыл.
Англис тили талап кылынган даярдоо программаларын (Англис тили жана адабияты программасы, Кыргызча-англисче котормочулук программасы же Экономика жана башкаруу факультетинин даярдоо программаларын) тандоо укугуна ээ болуу үчүн англис тили сынагынан да эң аз 60 упай топтоо зарыл.
Жогоруда көрсөтүлгөн босого упайдан жогору алган абитуриенттер даярдоо программасын тандоо укугуна ээ болушат. Көрсөтүлгөн босого упайдан аз упай алгандар даярдоо программасын тандоо укугунан ажырайт.
Көркөм өнөр факультетин жана Спорт илимдери факультетин тандаган абитуриенттерди жайгаштыруу «адистик сынагынын» жыйынтыгын эске алуу менен жүргүзүлөт (5-6-таблицаларды караңыз).