Manas

Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борбору

Кыргыз-Түрк «Манас» университети

Квота

Студент кабыл алуу сынагы

2026-2027-окуу жылы үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетине кабыл алына турган Кыргызстандын жарандарын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан статусу таанылган окуу жайларын бүтүргөн чет элдик жарандарды студенттикке тандоо жана тийиштүү даярдоо программаларына жайгаштыруу Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан ишке ашырылат.

Студенттерди кабыл алуучу факультеттер

2026-2027-окуу жылы үчүн 1-таблицада көрсөтүлгөн даярдоо программаларына студенттер кабыл алынат. Таблицада даярдоо программаларынын коду, аты, окуу мөөнөтү, артыкчылык берилүүчү сабактар жана бөлүнгөн орундар көрсөтүлгөн. Даярдоо программасын тандап жатканда № 1-таблицадагы маалыматтарды эске алууңуз зарыл.

1-ТАБЛИЦА: КОШУМЧА ТАНДООГО БОШ КАЛГАН ОРУНДАР

Коду Факультеттердин жана программалардын аты Окуу мөөнөтү (жыл)* Артыкчылык берилүүчү сабактар Бөлүнгөн орун
Гуманитардык факультет
0101 Тарых 4 Гуманитардык 1
0102 Түркология (Филология) 4 Гуманитардык 4
0104 Англис тили жана адабияты программасы (Филология) **/*** 4 Гуманитардык, англис тили 0
0106 Социология 4 Гуманитардык 5
0108 Психологиялык-педагогикалык кеңеш жана көмөк программасы 4 Гуманитардык 3
0109 Кыргызча-түркчө котормочулук программасы (Лингвистика) 4 Гуманитардык 2
0110 Кыргызча-англисче котормочулук программасы (Лингвистика) **/*** 4 Гуманитардык, англис тили 0
0111 Түркчө-орусча котормочулук программасы (Лингвистика) ** 4 Гуманитардык 1
0112 Кыргыз тили жана адабияты программасы (Филология) 4 Гуманитардык 2
Экономика жана башкаруу факультети
0201 Экономика**/*** 4 Табигый-так илимдер, англис тили 6
0202 Менеджмент**/*** 4 Табигый-так илимдер, англис тили 1
0204 Эл аралык мамилелер **/*** 4 Гуманитардык, табигый-так илимдер бирдей, англис тили 1
0205 Финансы жана кредит (Экономика)**/*** 4 Табигый-так илимдер, англис тили 3
Коммуникация факультети
0301 Журналистика 4 Гуманитардык, табигый-так илимдер бирдей 7
0302 Реклама жана коом менен байланыштар 4 Гуманитардык, табигый-так илимдер бирдей 0
0303 Телевидение 4 Гуманитардык, табигый-так илимдер бирдей 1
Инженердик факультет
0401 Программалык инженерия 4 Табигый-так илимдер 1
0402 Жаратылышты колдонуу жана экология 4 Табигый-так илимдер 5
0403 Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы 4 Табигый-так илимдер 1
0404 Химиялык технология 4 Табигый-так илимдер 4
0405 Электроника жана электр инженерлиги 4 Табигый-так илимдер 3
0406 Өнөр жай инженерлиги 4 Табигый-так илимдер 1
0407 Жасалма интеллект жана берилиштер инженериясы 4 Табигый-так илимдер 1
Туризм факультети
1501 Мейманкана иши 4 Гуманитардык, табигый-так илимдер бирдей 4
1502 Туризм 4 Гуманитардык, табигый-так илимдер бирдей 2
1503 Сервис 4 Гуманитардык, табигый-так илимдер бирдей 1
Айыл чарба факультети
0801 Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү (Агрономия) 4 Табигый-так илимдер 6
0802 Өсүмдүктөрдү коргоо (Агрономия) 4 Табигый-так илимдер 5
Ветеринардык факультет
0901 Ветеринария 5 Табигый-так илимдер 6
Спорт илимдери факультети
1601 Дене тарбия жана спорт мугалими 4 Aдистик сынагы**** 0
1602 Машыктыруучуларды даярдоо 4 Aдистик сынагы**** 0
Табигый-так илимдер факультети
1201 Колдонмо математика жана информатика 4 Табигый-так илимдер 2
1202 Биология 4 Табигый-так илимдер 3
1203 Математика 4 Табигый-так илимдер 3
Көркөм өнөр факультети
1301 Сүрөт (Көркөм сүрөт искусствосу) 4 Aдистик сынагы**** 1
1302 Графика (Көркөм сүрөт искусствосу) 4 Aдистик сынагы**** 0
1303 Театралдык искусство 4 Адистик сынагы**** 1
1304 Музыкалык искусство 4 Адистик сынагы**** 0
Теология факультети
1403 Теология 4 Гуманитардык 19
Медицина факультети
1701 Эл аралык биргелешкен медицина программасы 6 Табигый-так илимдер 21

* Даярдоо бөлүмүндөгү 1 жылдык тил үйрөтүү программасы окуу мөөнөтүнө камтылган жок.

** Бул бөлүмгө өткөн абитуриенттер даярдоо бөлүмүндө билим берүү тилдеринен тышкары бөлүмдөрүнө жараша англис, орус же кытай тилин да окушат. Бул тилдерден өтпөй калган студенттер 1-курска которулбайт.

*** Бул бөлүмдөрдө окуганды каалаган абитуриенттер чет тил сынагына кирип, белгиленген эң төмөнкү упайлардан жогору алышы керек.

**** Адистик сынагын тиешелүү факультет жана жогорку мектептер тарабынан уюштурулган атайын комиссия Бишкекте (КТМУ “Ч.Айтматов” атындагы кампуста) өткөрөт. 11-беттеги 5, 6-таблицаны караңыз.

                             Кесиптик колледж                               

Коду Кесиптик даярдоо программасынын аталышы Окуу мөөнөтү* Каралуучу тесттин жыйынтыгы Бөлүнгөн орун
3501 Менеджмент программасы (тармактар боюнча) 1 жыл 10 ай Гуманитардык 4
3502 Экономика жана бухгалтердик эсеп программасы (тармактар боюнча) 1 жыл 10 ай Гуманитардык, табигый-так илимдер бирдей 9
3503 Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо программасы 1 жыл 10 ай Табигый-так илимдер 17
3504 Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо программасы 1 жыл 10 ай Табигый-так илимдер 12
3505 Мектепке чейинки билим берүү программасы 1 жыл 10 ай Гуманитардык, табигый-так илимдер бирдей 7
3506 Маркетинг программасы (тармактар боюнча) 1 жыл 10 ай Гуманитардык, табигый-так илимдер бирдей 3
3507 Туризм программасы 1 жыл 10 ай Гуманитардык, табигый-так илимдер бирдей 8
3509 Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо программасы 1 жыл 10 ай Табигый-так илимдер 13
3510 Компьютердик системаларда программалоо программасы 1 жыл 10 ай Табигый-так илимдер 9
3511 Киберкоопсуздук тармагындагы аналитикалык жана операциялык
ишмердүүлүк программасы
1 жыл 10 ай Табигый-так илимдер 7

* Даярдоо бөлүмүндөгү 1 жылдык тил үйрөтүү программасы окуу мөөнөтүнө камтылган жок.