КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ
2025-2026 ОКУУ ЖЫЛЫНЫН БАКАЛАВР ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ ДАРАЖАЛАРЫНА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ
Чет өлкөлүк абитуриенттер: Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынан башка чет өлкөлөрдүн, өзгөчө Түрк тилдүү мамлекеттердин жана тектеш коомчулуктардын жарандары.
Документтерди кабыл алуу - 10-июнь - 18-июль 2025-ж.
Жазуу түрүндөгү сынак - 22-июль 2025-ж.
Оозеки сынак - 23-24 июль 2025-ж.
Тапшыруу үчүн талап кылынуучу шарттар:
Россия Федерациясы, Казакстан жана Монголиялык абитуриенттер үчүн тиешелүү сынактардан алган баллдар боюнча Кабыл алуу комиссиясы тарабынан талап кылынган минималдык баллдар орнотулган.
|
Россия Федерациясы |
Бирдиктүү мамлекеттик экзамендин (ЕГЭ) эң жогорку балл алган эки предметтин орточо упайы кеминде 50 болушу керек. |
|
Казахстан |
Бирдиктүү улуттук тестирлөөнүн (ЕНТ) жыйынтыгы 55тен кем эмес болуш керек |
|
Монголия |
Монголиянын жалпы мамлекеттик сынагынын эки предмет боюнча орточо баллы 480ден кем эмес болуш керек. Эгерде абитуриент үчтөн ашык предметтен тапшырса, эң жогорку балл алган эки предмет эске алынат. |
* Экзамендин жыйынтыктары 2025-жылга таандык болушу керек.
Бул талаптар тапшыруунун минималдуу критерийлери гана болуп саналат жана Кыргыз-Түрк Манас университетине (мындан ары КТМУ) кабыл алынуун кепилдигин бербейт. Башка өлкөлөрдөн келген абитуриенттердин жогорку окуу жайларына бирдиктүү кирүү сынактан алган баллдар үчүн минималдык талаптар кабыл алуу комиссиясы тарабынан белгиленет.
Каттоо үчүн шилтемени басыныз Каттоо
Кошумча маалымат алуу үчүн admission@manas.edu.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаныздар болот.