Даярдоо программаларына жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча университетке өткөн абитуриенттер 2026-жылдын 13-17-июль күндөр аралыгында жеке бөлмө аркылуу онлайн тастыктоо кылуусу зарыл. Жогоруда белгиленген күндөр аралыгында документтер тастыкталбай, алардын орду бош калса, толбой калган орундарга 2026-жылдын 20-21-июль күндөрү саат 9:00-17:00 аралыгында кошумча даярдоо программасын тандоо электрондук портал аркылуу жүргүзүлөт. Бул жолку конкурска эң төмөнкү упайдан жогору алган, бирок биринчи конкурстун жыйынтыгы боюнча эч бир даярдоо программасына өтпөй калган же кандайдыр бир себептен улам даярдоо программасын тандоого катышпай калган абитуриенттер гана катыша алат. Кошумча даярдоо программасын тандоонун жыйынтыгы 2026-жылдын 22-июлунда электрондук порталда жарыяланат. Кошумча даярдоо программасын тандоонун жыйынтыгы боюнча университетке өткөн абитуриенттер 2026-жылдын 24-26-июль күндөр аралыгында жеке бөлмө аркылуу онлайн тастыктоо кылуусу зарыл.