• Date: 2021-12-20
  • Time: 08:00

“КУРМАНЖАН ДАТКА ЖАНА БЕЛГИЛҮҮ ИНСАН АЯЛДАР” аттуу Эл аралык симпозиум

Кыргыз-Түрк Манас университетинин Гуманитардык факультетинин Тарых бөлүмү (Бишкек) менен Эгей университетинин Түрк дүйнөсүн изилдөө институту (Измир) биргелешкен 2021-жылдын 10-декабрында аралаш форматта (оффлайн и онлайн) Измир шаарында “Курманжан датка жана белгилүү инсан аялдар” аталышында эл аралык симпозиум уюштурат. Симпозиум XIX к. аягы – XX к. башындагы Түркстан хандыктарынын коомдук-саясий турмушунда активдүү роль ойношкон: Курманжан датка, Жаркынайым, Надира бегим, Сонайым жана башка белгилүү аялзатынын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүктөрүн чагылдырууга арналат. Тарыхый, оозеки чыгармалардагы (дастан) жана мифологиялык аял каармандардын да изилдөөгө алынышы жана салыштырмалуу анализделиши кызыгуу жаратат.

Симпозиум отурумдары YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлөт. Симпозиумдун катышуучулары үчүн жайгаштыруу жана тамак-аш маселеси уюштуруучулар тарабынан каржыланат, ал эми жол кире маселесин да алдыда чечүү аракети жасалууда. Так маалымат кийинчерээк берилет.

http://kurmanjandatka.manas.edu.kg