Бишкекке келгенден кийин университетти кантип тапсак болот?
Университет Жал кичи аймагында жайгашкан.

 

Жатаканада орун калбашы мүмкүнбү?
Даярдоо курсунун студенттерине, чет өлкөдөн келгендерге жатаканадан орун биринчи кезекте берилет. Ал эми жогорку курстун студенттерине окуу процессиндеги ийгиликтерине, жетишкендиктерине, мурунку жылы студенттер үйүндө жашаган мезгилинде эрежени сактагандыгына карата упай берилет жана эң жогорку баа алгандардан баштап тизме түзүлөт. Бул тизме боюнча жогорку упай алгандар алгачкылардан болуп тизмеден төмөндү көздөй жатаканадагы орун толгонго чейин орун алышат. Орун жетпеген студенттерге кезек боюнча орун бошогон сайын берилет.

Студенттер жатаканага жайгашууга милдеттүүбү?
Жок, бирок даярдоо курсундагы студенттерге жатаканага жайгашуусу пайдалуу. Анткени тил үйрөнүүгө өбөлгө түзөт.

Жалгыз өзүм же досторум менен бирге ижарага батир алсам болобу?
Ооба.

Ооруп калсам, кантип дарыланам?
Университеттин Ден соолук борборунда квалификациялуу дарыгерлер жана медайымдар медициналык кызмат көрсөтүшөт. Студенттер ооруп калган учурларда Ден соолук борборуна кайрылса, дарты аныкталат жана дарыланат. Стационардык дарыланууга муктаж болгон оорулуулар Бишкек шаарынын ооруканаларына жөнөтүлөт.

Университеттин Ден соолук борборунда көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн акы төлөшүм керекпи?
Ден соолук борборунун лабораториялык дартты аныктоо кызматы үчүн акы төлөнөт, башка медициналык кызмат жана борбордо болгон дары-дармектер акысыз. Бишкек шаарынын муниципалдык ооруканаларында кыргыз жарандары болгон университеттин студенттерине тиешелүү шарттарда медициналык жардам берилет. Жеке медициналык жайларда медициналык тейлөө акылуу.

Жатаканада канча орун бар?
Жатаканада 13 86 орун бар.

Жатаканага жайгашуу үчүн эмне кылуу керек?
Сырттан жаңы келген студенттер университеттин каттоосунан, анан жатакананын каттоосунан өтө алышат. Ал эми 1-4- курстун студенттери май айында
онлайн анкетаны толтурушу  керек. Арыздар студенттер үйүнүн жетекчилигинде каралат.

Жатакананын 1 айлык баасы?
А БЛОК  жатакана  үчүн (1500 сом), Б – Ж БЛОК жатаканалары  үчүн  (1200 сом)

Жатаканада бир бөлмөдө канча студент жайгашкан?
Бөлмөдө 4, 6 жана 8 киши жайгашкан.

Жатаканада тамак жасоого уруксат берилеби?
Жок, жатаканада тамак жасоого тыюу салынган.

Жатаканада душ жана даараткана кандай колдонулат?
Ооба, бир бөлмөдө жайгашкан студентер колдоно алышат.

Жатаканада ысык суу барбы?
Ооба, 24 саат бою ысык суу бар.

Жатаканада ашкана барбы? Ашканада эмнелер сатылат?
Ооба, жатаканабызда ашкана бар. Түрлүү азыктар жана суусундуктар сатылат.

Жатаканада китепкана барбы?
Ооба, бар.

Жатаканада интернет барбы?
Ооба, Вай-Фай (кабелсиз интернет) бар.

Тамактын баасы канча?
Карточка менен тамактануу ( 4 түрлүү тамак)
70 сом болот. Айына орто эсеп менен 1540 сом.

Ай сайын мүмкүнчүлүгү чектелүү студенттерибизге тамак жагынан жардам берилеби?
Ооба, биздин университетибиздин кызматкерлери түзүлгөн фонд аркылуу колунда жок 280 студентке дайыма ар бир айда тамак картын акысыз берип келет.

Ден соолугума байланыштуу дене тарбия сабагынан бошотула аламбы?
Жок. Студенттер ден соолугуна жараша, дени сак студенттер - жалпы топто, ден соолугу чың эмес жана өнөкөт оорусу бар студенттер - дарылоо тобунда дене тарбия сабагын алышы керек.

 

Түркия Республикасынын жарандары университетке кандайча кабыл алынат?
Түркия Республикасынын жараны болгон абитуриенттер ТР БТЖБ жетекчилиги тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү студенттерди тандоо жана жайгаштыруу сынагынын жыйынтыгы аркылуу тандоого жана алган баллдарына ылайык кабыл алынат.

 

Кыргызстанда жашаган ТР жараны болгон абитуриенттер да жогорудагы шарттардын негизинде кабыл алынабы?
Ооба, бардык ТР жарандары жогорудагы шарттардын негизинде кабыл алынат.

 

Адистик сынакты талап кылган бөлүм жана программалардын адистик сынактары качан жана кайсы жерде өткөрүлөт?
Адистик сынактар Кыргызстанда да, Түркияда да өткөрүлөт. Түркияда өткөрүлө турган адистик сынактар келишим түзүлгөн университеттер тарабынан өткөрүлөт. Адистик сынактардын өткөрүлүүчү күнү жана жери СТС маалымат китепчесинде жана университеттин web-баракчасында (www.manas.edu.kg ) жарыяланат.

 

Кыргызстандын жарандары университетке кандайча кабыл алынат?
КР жараны болгон абитуриенттер КТМУга ЖРТ(ОРТ) аркылуу жана КТМУнун Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору (Манас-СТЖБ) тарабынан өткөрүлүүчү сынактардын жыйынтыгы аркылуу кабыл алынат.

 

ТР жарандары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сынактары жана Манас-СТЖС аркылуу университетке кабыл алынабы?
Жок.

 

Университетке Кыргызстан жана Түркиядан башка өлкөлөрдөн студент кабыл алынабы?
Ооба, КТМУга Түрк тилдүү мамлекеттер жана тектеш элдер менен катар бардык мамлекеттерден студенттер кабыл алынат.

 

Түркия жана Кыргызстандан башка өлкөнүн жарандары университетке кандайча кабыл алынат?
Түркия жана Кыргызстандан башка өлкөнүн жарандары ТРС жана келишим түзүлгөн университеттер жана комиссиялар аркылуу кабыл алынат.