• Бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын мамлекеттик дипломдоруна ээ болгондуктан;
  • Акысыз билим алуу алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндүктөн;
  • Бакалаврдан кийин магистратура жана докторантура программалары болгондуктан; 
  • Бүтүрүүчү үчүн негизги адистиктен тышкары кошумча экинчи адистиктин дипломуна ээ болуу мүмкүнчүлүгү берилгендиктен;
  • Эл аралык студент алмашуу программалары, чет өлкөлөрдө практикадан өтүү жана эл аралык конкурстарга катышуу мүмкүнчүлүктөрү ыйгарылгандыктан;
  • Билим берүү кыргыз, түрк тилдеринде жүргүзүлгөндүктөн;
  • Билим берүү тилдеринен тышкары башка чет тилдерин: орус, англис, кытай, немец тилдерин үйрөнүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөндүктөн;
  • Окууда ийгиликке жетишкен студенттер стипендия менен камсыз болгондуктан; - акысыз медициналык кызмат; 
  • Заманбап имарат жана акыркы технологиядагы жабдыктар менен камсыздалган лабораториялар болгондуктан;
  • Жеңилдетилген төлөмдөгү тамак-аш жана жатакана бардыгынан;
  • Көп улуттуу билим алуу чөйрөсү (университетте 18 өлкөдөн жана ар түрдүү аймактан келген студенттер окушат).