Сынак качан жана кайсы жерлерде өткөрүлөт?

    “Манас” университетинин 2024-жылкы студенттерди кабыл алуу сынагы 2 отурум түрүндө Бишкек шаарында жана төмөндө көрсөтүлгөн убакытта өткөрүлөт.

Сынактын түрү

Орду

Күнү

Сааты

Жалпы сынак

Бишкек

7-июль, 2024-ж.

10:00

Англис тили сынагы

Бишкек

7-июль, 2024-ж.

14:30

Сынакты «Сынак баракчасында» көрсөтүлгөн жерде гана тапшырасыздар.

 

Сынакта суроолор кайсы тилде берилет?

    Сынактын суроолору кыргыз жана орус тилдеринде берилет.

 

Сынакка кирүү үчүн эмнелерди ала келүүңүз керек?

  • Сынакка кирүү үчүн «Сынак баракчасы» менен паспортуңузду ала келүүңүз зарыл.
  • «Сынак баракчасын» жана паспортун албай келген абитуриенттер сынакка киргизилбейт.

 

Сынакта канча суроо берилет жана алар сабактар боюнча кандайча бөлүштүрүлгөн?

  • Абитуриенттерге жалпы сынакта 120 суроо, англис тили сынагында 60 суроо берилет. Сынакта камтылган сабактар жана алар боюнча берилүүчү суроолордун саны 2-таблицада берилди.

2-таблица

Сынакта берилүүчү суроолордун сабактар боюнча бөлүштүрүлүшү

Сабактар

Суроонун саны

Табигый-так илимдер

60

Биология

12

Химия

12

Физика

12

Математика

24

Гуманитардык илимдер

60

География

12

Тарых

12

Тил (кыргыз тили же орус тили)

20

Адабият (кыргыз адабияты же орус адабияты)

12

Логикалык суроолор

4

Бардыгы

120

Англис тили жана адабияты программасы, Кыргызча-англисче котормочулук программасы же Экономика жана башкаруу факультетинин даярдоо программаларын тандаган абитуриенттер үчүн

 

Англис тили

60

 

Сынак канча убакытка созулат?

  • Сынак 180 мүнөткө (3 саат) созулат. Англис тили сынагынын мөөнөтү – 90 мүнөт (1,5 саат).

 

Сынак кандайча өткөрүлөт?

  • Сынак күнү саат 09:00дөн кечикпей, сынак баракчаларында жазылган сынак берүүчү имараттын алдына келип, кирүүгө даяр туруңуз.
  • Сынак баракчаңыз жана паспортуңуз кызматкерлер тарабынан текшерилгенден кийин имаратка киресиз.
  • Сынак өткөрүлүүчү жайдын башчысы сынактын эрежелерин үнүн бийик чыгарып окуп берет.
  • Алгач сиздерге суроолорго жооп берүүдө колдонулуучу жооп баракчалары таратылат. Бул жооп баракчасындагы толтурулушу керек болгон жерлерди толук толтуруп чыгышыңыз зарыл.
  • Андан кийин суроо китепчелери таратылат.
  • Сынак башталгандан кийин жалпы сынактын алгачкы 120 мүнөтүндө, англис тили сынагынын 60 мүнөтүндө жана сынактын акыркы 15 мүнөтүндө абитуриенттердин сынак өткөрүлүп жаткан жайдан сыртка чыгуусуна уруксат берилбейт.
  • Сынактын эрежелерин бузган абитуриенттер сынактан четтетилет жана тапшырган сынагы жараксыз деп табылат.

Сынакта суроолордун кандай түрү берилет?

  • Сынакта 5 (беш) түрдүү жообу көрсөтүлгөн тест түрүндөгү суроолор берилет.
  • Сынак китепчеси эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктөгү суроолор кыргыз тилинде, ал эми экинчи бөлүктөгү суроолор орус тилинде берилет.
  • Кыргыз жана орус тилдериндеги суроолордун туура жооптору бирдей болгондуктан, өзүңүз каалаган бөлүктөгү суроолорго жооп берсеңиз болот. Төмөндө сынакта бериле турган суроолордун үлгүсү берилди:
  1. Кыргыз Республикасы кайсы жылы БУУга (ООНго) мүчө болду?

В каком году Кыргызская Республика стала членом ООН?

А) 1991             Б) 1992              В) 1993             Г) 1994           Д) 1995

Бул суроонун туура жообу "Б" болгондуктан, жооп баракчасындагы 15-номердеги суроого бөлүнгөн сапты таап, ичинде "Б" тамгасы бар тегерекчени сыртына чыгарбастан, кара калем менен жакшылап боёшуңуз керек.

Төмөндө бул суроонун туура жообунун жооп баракчасына белгиленишинин үлгүсү берилди:

 

Жооп баракчасы кандай толтурулат?

  • Жооп баракчасындагы толтурулушу зарыл болгон жерлерге өздүк маалыматтарыңызды толук жазыңыз.
  • Сизге берилген суроо китепчесинин вариантын белгилеңиз.
  • Абитуриенттик номериңизди код түрүндө туура жазыңыз.
  • Ар бир суроого жооп бериш үчүн беш тегерекченин бирин, т.а., сиз туура деп эсептеген варианттагы тегерекчени кылдаттык менен карартып боёңуз.
  • Жоопторду жөнөкөй кара калем менен гана белгилеңиз.
  • Жооп баракчасынын үлгүсү 3-таблицада көрсөтүлдү.

3-таблица

Сынакта кандай эрежелерди сактоого тийишсиздер?

Сынактын эрежелери суроо китепчесинде өзүнчө берилет. Сынакты баштоодон мурун сынак алуучу кызматкер сынак эрежелерин үнүн бийик чыгарып окуп берет. Сынакты ийгиликтүү тапшыруу баарынан мурда Сиздин сынак эрежелерин сакташыңызга байланыштуу болот. Сынак мезгилинде сакталышы талап кылынган айрым эрежелер төмөнкүлөр:

  • Уюлдук телефон менен сынакка кирүүгө тыюу салынат.
  • Сынак мезгилинде ар кандай себептер менен сыртка чыкса, кайра кирүүгө болбойт.
  • Сынак жүрүп жатканда сынак алуучу кызматкерлер менен сүйлөшүүгө, аларга суроо берүүгө болбойт. Кызматкерлердин да абитуриенттер менен сүйлөшүүсүнө, ал эми абитуриенттердин бири-биринен калем, өчүргүч ж.б. каражаттарды алып, берүүлөрүнө тыюу салынат.
  • Сынак өтүүчү жайга эсептөөчү машиналарды, кабарлашуу каражаттарын ж.б. алып кирүүгө тыюу салынат.
  • Жооп баракчасын толтурууда жана жоопторду белгилөөдө жөнөкөй кара калем (карандаш) гана колдонулат. Калемдин башка түрлөрүн, сыя калем (ручкаларды) колдонууга уруксат берилбейт.
  • Жооптор жооп баракчасында гана белгиленүүгө тийиш. Белгилер коюлуучу тегерекчелерди боёп жатканда тегерекченин сыртына чыгарбай, булгабай боёңуз. Суроо китепчесинде белгиленген жооптор эсептелбейт.
  • Сынак мезгилинде жоопторду башкалардан көчүрүүгө аракет кылгандар, көчүргөндөр, көчүрткөндөр жана көчүрүүгө жардам бергендердин аты-жөнү аныкталат жана бул абитуриенттердин сынагы жараксыз деп табылат.
  • Суроо китепчесиндеги боштуктарды каралама (черновик) катары колдонсоңуз болот.