Сынакка кимдер каттала алат?

      КТМУнун 2023-жылкы студент кабыл алуу сынагына төмөндөгү шарттарга жооп берген абитуриенттер каттала алат:

  •  Кыргыз Республикасынын жарандары жана КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан статусу таанылган окуу жайларын бүтүргөн чет элдик жарандар;
  •  Мектептин бүтүрүүчүлөрү (11-класс) жана атайын кесиптик орто окуу жайларынын бүтүрүүчү курсунда окуп жаткандар же бүтүрүүчүлөрү;
  •  Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген босого баллдан жогору алган абитуриенттер (ЖРТ баллы 110дон жогору алгандар). Спорт илимдери факультети жана Көркөм өнөр факультетинде окууну каалагандарга ЖРТ баллы талап кылынбайт;
  • Жогорку окуу жайларында окуп жаткандар; 

      Сынакка кимдер каттала албайт?

     КТМУнун 2023-жылкы Студент кабыл алуу сынагына төмөнкү абитуриенттер каттала албайт:

  • Түркия Республикасынын жарандары. Түркия Республикасынын жарандары Түркия Республикасынын БТЖБсы тарабынан өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы жана шарттарына ылайык кабыл алынат;
  • КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан статусу таанылбаган окуу жайларын бүтүргөн чет элдик жарандар;
  • Терс иш-аракеттеринен улам жазаланып, КТМУдан чыгарылгандар;
  • КР Билим берүү жөнүндө мыйзамынын 7- беренесине ылайык университетти бүтүргөндөр.

       Сынакка катталуу үчүн керектүү документтер

    Катталуу үчүн төмөнкү документтер каттоо комиссиясына электрондук форматта тапшырылышы керек:

  • Орто мектепти (аттестат) же атайын кесиптик орто окуу (диплом) жайын бүтүргөндүгү жөнүндө документтин электрондук форматы;
  • Паспорттун электрондук форматы;
  • Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн сертификатынын электрондук форматы (Спорт илимдери факультети менен Көркөм өнөр факультетинде окууну каалагандарга талап кылынбайт. Бул эки факультеттен тышкары бардык даярдоо программаларына ЖРТ 110 баллдан жогору алгандар гана каттала алышат);
  • Акыркы үч ай ичинде түшкөн электрондук форматтагы фотосүрөт (3х4 өлчөмүндө);
  • Каттоо акысы үчүн төлөнгөн квитанциянын сүрөтү. Каттоо акысы төмөндөгү реквизитке төлөнөт:

                «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»

Эсептин номери:

1180000199932061

БИК

118004

SWIFT

DEMIKG22

     Демир банктын кассасынан төлөнгөн квитанцияларда сөзсүз абитуриенттин аты-жөнү жана сынактын түрү (жалпы сынак же чет тил сынагы) көрсөтүлүшү керек.  

    Каттоо акысы катары жалпы сынакка кирүү үчүн 500 сом, англис тили сынагына кирүү үчүн кошумча дагы 500 сом төлөнөт. Англис тили сынагынын жыйынтыгы Англис тили жана адабияты программасы, Кыргызча-англисче котормочулук программасы, Экономика жана башкаруу факультетинин даярдоо программалары үчүн гана зарыл, калган даярдоо программаларына талап кылынбайт. Эгерде абитуриент жалпы сынакка гана кире турган болсо, 500 сом гана төлөнөт. Ал эми жалпы сынакка жана англис тили сынагына да кире турган болсо, анда 1000 сом акы төлөнөт. Төлөмдөр «Демир Кыргыз Интернэшнл Банктын» өлкөдөгү бардык филиалдарында кабыл алынат.

 

 ЭСКЕРТҮҮКаттоо үчүн төлөнгөн каражат кандай жагдай болбосун кайра кайтарылбайт. 

       Сынакка кантип катталасыз?

      Абитуриенттер сынакка Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан даярдалган abiturient.manas.edu.kg порталы аркылуу онлайн катталат. Сынакка катталуу үчүн порталга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди жайгаштыруу керек. Сиз киргизген маалыматтар жана документтер электрондук порталга толук жана туура киргизгилгендиги операторлор тарабынан текшерилет.  Эгер бардык маалыматтар жана керектүү документтер толук жана туура киргизилген болсо портал сизге сынак баракчасын даярдап берет. Сынак баракчасын принтерден чыгарып, сынак күнү паспортуңуз менен бирге сөзсүз ала келишиңиз керек. Сизге берилген Сынак баракчасында сынак өтө турган имарат, аудиториялар көрсөтүлөт. Сынак учурунда жана даярдоо программасын тандоо иш-аракеттери толук аяктаганга чейин сизге берилген Сынак баракчасын жоготпой сакташыңыз керек. Каттоо учурунда киргизген маалыматтарыңыздын тууралыгына жана тактыгына сиз өзүңүз гана жооптуусуз. Андыктан, Сынак баракчасындагы маалыматтардын тууралыгын өтө кылдаттык менен текшерип чыгышыңыз зарыл. Эгер катталуу учурунда абитуриенттин тапшырган документтеринде же берген маалыматтарында кемчиликтер же каталар болсо, анда ал абитуриент катталуу жана сынакка кирүү укугунан ажырайт.

 

        Сынакка каттоо качан жана кайсы жерде жүргүзүлөт?

Сынакка каттоо төмөндө көрсөтүлгөн электрондук даректе жүргүзүлөт.

Электрондук порталдын дареги

Каттоо мөөнөтү

abiturient.manas.edu.kg

30-июнь-5-июль, 2023-ж.

саат 9:00 – 17:00