Урматтуу Абитуриент!

Бул баракчада Сиз Кыргыз-Түрк “Манас” университетине (КТМУ) ЖРТ менен студенттерди кабыл алуу боюнча маалымат алсаңыз болот.

КТМУга гранттык (бюджеттик) окууга студенттерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде ишке ашырылат жана 2020.edu.gov.kg порталында автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) аркылуу дистанциялык (онлайн) жүргүзүлөт

·         Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө ТОКТОМ  (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 токтому менен бекитилген)

·         1 ТИРКЕМЕ Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартиби  
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 токтому менен бекитилген)

·         Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары  жана бюджеттик орундары  жөнүндө ЖОБО             2 Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 токтому менен бекитилген)

·         Кыргыз-Түрк “Манас” университетине кабыл алуу эрежелери

Грант алуу үчүн конкурска жалпы республикалык тестирлөөнун жыйынтыгы боюнча КР Билим беруу жана илим министрлиги аныктаган босого упайдан төмөн упай албаган сертификат ээлери катыша алышат.

- негизги тесттен 110 балл,

- ар бир предметтик тесттен 60 балл. (Босого балл жөнундө (2019 жылдын 4 июнундагы буйрук № 684/1).

Льготалык абитуриенттер үчүн (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы N 355 токтому менен бекитилген Мамлекеттик билим берүү грантына абитуриенттерди тандоо жана каттоо механизминин 52-пункту. 1 ТИРКЕМЕ) өзүнчө квоталар бөлүнөт, анын чегинде өзүнчө сынак өткөрүлөт.

Гранттык (бюджеттик) окууга тапшырган студенттер менен окуу жайды аяктагандан кийин жумушка милдеттүү түрдө бөлүштүрүү жөнүндө үч тараптуу келишим түзүлөт (Студенттер үчүн типтүү эки-, үч тараптуу келишим (2-тиркеме, 3-глава. Гранттык жана бюджеттик негизде окуган студенттердин укуктары жана милдеттери негизде) (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 30-июнундагы N 355 токтому менен бекитилген)

Бюджеттик каражаттардын эсебинен окуп жаткан же жогорку кесиптик билим алган Кыргыз Республикасынын жарандары билим берүү уюмуна мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө адисти даярдоого кеткен окуу чыгымдарды кайтарып берүүгө МИЛДЕТТΥΥ (2 ТИРКЕМЕ, 3-глава, 16-пункт. Гранттык жана бюджеттик негизде окуган студенттердин укуктары жана милдеттери) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы N 355 токтому менен бекитилген), эгерде:

- окууну аяктагандан кийин багыт боюнча иштөөдөн баш тартуу (педагогикалык адистиктер үчүн)

- ЖОЖдон жүйөлүү себептер боюнча же өз каалоосу боюнча чегерүүлөр;

- башка адистикке же контракт боюнча окууга кеткендигине байланыштуу ЖОЖдон чегерүүлөрдүн наркын төлөө менен.

КТМУга тапшырууга сунушталган абитуриент окууга каалоосун ар бир турдун 6-календардык күнү саат 16:00гө чейин кабыл алуу комиссиясына төмөнкү документтерди тапшыруу менен ырасташы керек:

КТМУ университетине кабыл алууга сунушталган абитуриент 2 күндүн ичинде,  төмөнкү документтерди тапшыруу менен ырасташы керек:

•    Аттестаттын (дипломдун) түп нускасы жана копиясы;
•    Паспорттун көчүрмөсү;
•    Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
•    6 даана түстүү фото сүрөт (3х4 өлчөмүндө);
•    Аскерге милдеттүүлүк күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
•    Жетим абитуриенттер үчүн эне-атасынын өлүм күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
•    Майып абитуриенттер үчүн майыптыгын тастыктаган маалымкат;
•    ЖРТ сертификатынын түп нускасы.

тапшырып,  окугусу келгенин далилдөөсү зарыл. Льготаларга талапкерлер КР-нын мыйзамдарына ылайык кошумча документтерди тапшыруу керек.