Жоопторго кандайча упай берилет?

Сынактын жыйынтыгында «гуманитардык илимдер», «табигый-так илимдер» жана «гуманитардык, табигый-так илимдер бирдей» деген критерийлер боюнча үч түрдүү упай эсептелип чыгат. Англис тили сынагына кирген студенттердин упайлары өзүнчө эсептелет.

Төрт ката жооп бир туура жоопту жоюп кеткендиктен, туура жооптордун санынан ката жооптордун жалпы санынын төрттөн бири кемитилет. Мисалы, 20 туура, 8 ката жообуңуз болсо, анда туура жоопторуңуздун саны 18ге түшөт.  

  • Ар бир абитуриенттин гуманитардык жана табигый-так илимдер боюнча топтогон упайлары алдын-ала өз-өзүнчө эсептелип чыгат.
  • Алдын-ала эсептелген упайлар статистикалык эсептөөлөрдүн жардамы менен стандарт упайга айландырылат.
  • Стандарт упайлар эсептелип чыккандан кийин абитуриенттердин гуманитардык, табигый-так илимдер жана бул эки багыт боюнча бирдей берилген суроолордон алган упайлары эсептелет. Бул эсептөөдө:
  • - Табигый-так илимдер боюнча жооптордун упайына тесттин табигый-так илимдер бо­юн­ча бөлүмүндөгү суроолорго берилген жооптордун упайы басымдуу таасир берет. Бирок гу­манитардык илимдер боюнча суроолордун упайынын да белгилүү бир деңгээлде таасири болот.
  • - Гуманитардык илимдер боюнча жооптордун упайына тесттин гуманитардык илимдер бөлүмүндөгү суроолорго берилген жооптордун упайы басымдуу таасир берет. Ошол эле учурда гуманитардык илимдер боюнча топтолгон упайга табигый-так илимдер боюнча топтолгон упайдын да белгилүү бир өлчөмдө таасири бар.
  • - Табигый-так жана гуманитардык илимдер боюнча суроолорго берилген жооптордон бирдей топтолгон орток упайга бул эки багыттагы жооптордон алынган упайлар бирдей деңгээлде таасир берет.

ЭСКЕРТҮҮУниверситеттин окумуштуулар кеңешинин 01.07.2021-ж., 2021-10.48 номерлүү чечимининин негизинде, университетте окуп жатып, сынакка кирген абитуриенттердин сынакта алган упайынын 20 % кемитилет.

Сынакта эң аз канча упай алуу зарыл?

  •  Факультеттерде окууга талапкер болуу үчүн артыкчылык берилген сабактарды эске алуу менен сынакта эң аз 120 упай топтоо зарыл. 

  •   Теология факультетинин Диндерди таануу жана Ислам таануу программаларын тандоо укугуна ээ болуу үчүн гуманитардык багыттагы сабактардан эң аз 110 упай топтоо зарыл.

  •  Искусство факультетин жана Спорт илимдери факультетин тандоо укугуна ээ болуу үчүн эң аз 100 упай топтоо зарыл.

  • Англис тили талап кылынган даярдоо программаларын (Англис тили жана адабияты программасы, Кыргызча-англисче котормочулук программасы же Экономика жана башкаруу факультетинин даярдоо программаларын) тандоо укугуна ээ болуу үчүн англис тили сынагынан да эң аз 60 упай топтоо зарыл.

  • Жогоруда көрсөтүлгөн босого упайдан жогору алган абитуриенттер даярдоо программасын тандоо укугуна ээ болушат. Көрсөтүлгөн босого упайдан аз упай алгандар даярдоо программасын тандоо укугунан ажырайт.

  •  Көркөм өнөр факультетин жана Спорт илимдери факультетин тандаган абитуриенттерди жайгаштыруу «адистик сынагынын» жыйынтыгын эске алуу менен жүргүзүлөт (5-6-таблицаларды караңыз).