Даярдоо программасын тандоого кимдер катыша алат?

Сынактын жыйынтыгы боюнча топтолушу зарыл болгон минималдык упайдан кем эмес упайларга ээ болгон абитуриенттер даярдоо программасын тандоо укугуна ээ болот.

Даярдоо программасын тандоо качан жана кайда жүргүзүлөт?

Даярдоо программасын тандоо электрондук портал аркылуу 2024-жылдын 10-12-июль күндөрү саат 9:00-17:00 аралыгында жүргүзүлөт.

Даярдоо программасын тандоо кандай жол менен жүргүзүлөт?

  • Сынактын жыйынтыгы боюнча босого упайдан жогору упай алган абитуриенттер 1-таблицада көрсөтүлгөн программалардын ичинен каалоосуна жараша 1 (бир) даярдоо программасын тандаса болот.
  • Абитуриенттер окууну каалаган даярдоо программасын тандоо иши электрондук порталдагы жеке бөлмө аркылуу жүргүзүлөт.
  • Даярдоо программасын тандоо учурунда абитуриенттер кылдаттык менен рейтинг таблицасын текшерип, программалардын бөлгөн орундарын (квоталарын) эске алуулары абзел.
  • Туура эмес тандоо үчүн абитуриент өзү жооптуу.
  • Абитуриент даярдоо программасын тандоосун рейтингдеги сынактан алган упайларына жана алардын түрүнө жараша каалаган программаны тандоого тийиш.