Сынакка каттоо

Сынакка кимдер каттала алат?

КТМУнун 2016-жылдагы студент кабыл алуу сынагына төмөндөгү шарттарга жооп берген абитуриенттер каттала алат:

Кыргыз Республикасынын жарандары жана КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан статусу таанылган окуу жайларын бүтүргөн чет элдик жарандар ;

Мектептин бүтүрүүчү классында же атайын кесиптик орто окуу жайларынын бүтүрүүчү курсунда окуп жаткандар;

Мектептин же атайын кесиптик орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү;

Башка жогорку окуу жайларында окуп жаткандар.

Сынакка кимдер каттала албайт?

КТМУнун 2016-жылдагы Студент кабыл алуу сынагына төмөнкү абитуриенттер каттала албайт:

•  Түркия Республикасынын жарандары;

•  КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан с татусу тааныл ба ган окуу жайларын бүтүргөн чет элдик жарандар ;

•  Терс иш-аракеттеринен улам жазаланып, КТМУдан чыгарылгандар.

Сынакка катталуу үчүн керектүү документтер

Катталуу үчүн төмөнкү документтер каттоо комиссиясына тапшырылышы керек:

•  Орто мектепти же атайын кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө документтин көчүрмөсү;

•  Аттестатын ала электер үчүн бүтүрүүчү класста (11-класста) окугандыгы тууралуу маалымдама;

•  Паспорт жана паспорттун көчүрмөсү;

•  Акыркы үч ай ичинде түшкөн 2 даана фотосүрөт (3х4 өлчөмүндө);

•  Каттоо акысы катары жалпы сынакка кирүүчү абитуриенттерден 2 6 0 сом, чет тил сынагына кире турган абитуриенттерден кошумча 2 6 0 сом алынат.

Сынакка кантип катталасыз?

•  Абитуриент тер с ынакка к аттоо борбор лору нун каттоо кызматкерлери тарабынан компьютер аркылуу катт алат.

•  Сынакка катталуу үчүн көрсөтүлгөн даректердеги каттоо борборлоруна керектүү документтерди ( 2.3 ) өзү ңүз алып барып каттал асыз.

•  Каттоо кызматкерлери с из жөнүндөгү маалыматтарды атайын электрондук программага толук жана туура киргизгенден кийин, компьютердик веб-камеранын жардамы менен с издин сүрөтүңүздү тартып алат.

•  Андан соң, каттоо кызматкери Сынак баракчасын чыгарат жана аны тастыктагандан кийин с изди н колуңузга тапшырат.

•  Сынак учурунда жана бөлүм тандоо иш-аракеттери толук аяктаганга чейин с изге берилген Сынак баракчасын жоготпой сакташыңыз керек.

•  Каттоо учурунда каттоо кызматкерине бере турган маалыматтарың ыздын тууралыгына жана тактыгына с из өзүңүз гана жооптуусуз.

•  Андыктан , Сынак баракчасындагы маалыматтардын тууралыгын өтө кылдаттык менен текшерип чыгышыңыз зарыл.

•  Эгер катталуу учурунда абитуриенттин тапшырган документтеринде же берген маалыматтарында кемчиликтер же каталар болсо, анда ал абитуриент катталуу жана сынакка кирүү укугунан ажырайт.

Сынакка каттоо качан жана кайсы жерде жүргүзүлөт?

Сынакка каттоо төмөндө көрсөтүлгөн мөөнөттө жана шаарларда жүргүзүлөт.

Шаарлар

Каттоо мөөнөтү

Бишкек шаары, Жал кичирайону КТМУнун Ч.Айтматов атындагы кампусу, Экономика жана башкаруу факультетинин имараты

Тел.: 0 312 49-27-91, 83, 85, 86

13 -июнь – 28 -июнь, 2016-ж.

Ош шаары, Масалиев көчөсү, 80 БИМ, 104-кабинет.

Тел: 0772 654566

13 -июнь – 25 -июнь, 2016-ж.

Каракол шаары, Тыныстанов көчөсү, 47, № 11- мектеп-гимназия.

Тел.: 03922 5-29-57, 0707 595466

13 -июнь – 25 -июнь, 2016-ж.

Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү, 57, ЖАМУ, Педагогика жана маалымат технологиялары факультети, 213-аудитория

Тел.: 0 3722 6-01-42

13 -июнь – 25 -июнь, 2016-ж.

Нарын шаары, Ленин көчөсү, 92, Токтогул атындагы № 1-орто мектеп

Тел.: 0 3522 5-17-30, 5-17-64.

13 -июнь – 25 -июнь, 2016-ж.

Талас шаары, Карл Маркс көчөсү, 47, Абжалбек Чолпонкулов атындагы № 1-орто мектеп

Тел.: 0 3422 5-30-51

13 -июнь – 25 -июнь, 2016-ж.