2016/2017-окуу жылына абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктерин бекитүү жөнүндө

Приказ МОН КР от 28 апреля 2016 года № 546/1

«2016/2017-окуу жылына абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктерин бекитүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 токтому менен бекитилген « Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында мамлекеттик билим берүү гранттары үчүн студенттердин окуусу тууралуу Жобосунун » 17-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 токтому менен бекитилген « Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү мекемелерине кабыл алуу жөнүндөгү » Тартибинин 5.2-пунктунун негизинде  

буйрук кылам:

1. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2016/2017-окуу жылына абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктери бекитилсин.

2. Жоождордун жетекчилери абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүүнүн бекитилген графиктеринин мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгына (Г. М. Абылкасымовага) жүктөлсүн.

 

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2016-2017-окуу жылына абитуриенттерди тандоо турларынын жана кабыл алуунунун графиги

11-16-июль

Биринчи тур

11-13-июль

Талондорду каттоо

13-июль саат 14.00дө

Талондорду каттоонун аякташы

14-июль саат 10.00гө чейин

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмелерин жарыялоо

14-16-июль

Жогорку окуу жайда билим алуу тууралуу каалоолорунун абитуриенттер тарабынан тастыкталышы

 

 

18-23-июль

Экинчи тур

18-20-июль

Талондорду каттоо

20-июль саат 14.00дө

Талондорду каттоонун аякташы

21-июль саат 10.00гө чейин

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмелерин жарыялоо

21-23-июль

Жогорку окуу жайда билим алуу тууралуу каалоолорунун абитуриенттер тарабынан тастыкталышы

 

 

25-30-июль

Үчүнчү тур (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен)

25-27-июль

Талондорду каттоо

27-июль саат 14.00дө

Талондорду каттоонун аякташы

28-июль саат 10.00гө чейин

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмелерин жарыялоо

28-30-июль

Жогорку окуу жайда билим алуу тууралуу каалоолорунун абитуриенттер тарабынан тастыкталышы

 

 

25-августка чейин

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине гранттык комиссиянын иши боюнча отчет берүү жана окууга өткөн абитуриенттердин тизмесин Улуттук тестирлөө борборунун* тастыктоосуна жиберүү

 

*Улуттук тестирлөө борборуна бардык турлардын негизинде жогорку окуу жайына окууга макулдугун тастыктаган абитуриенттердин тизмеси жиберилет (гранттык жана контракттык орундарга)