Көп суралган суроолор

Бишкеке келгенден кийин университетти кантип тапсак болот?
Университет Жал кичи аймагында жайгашат.

Жатканагада орун калбашы мүмкүнбү?
Даярдоо курсунун студенттерине чет өлкөдөн келгендерге, жатаканада орундар алгач болүнөт. Ал эми жогорку курстун студенттерине, окуу процессиндеги ийгиликтерине, жетишкендиктерине, мурунку жылы студенттер үйлөрүндө жашаган убактагы эрежелерин сактап сактабоосу каралып упай берилет жана эң жогорку баа алгандардан баштап тизме түзүлөт. Бул тизме боюнча жогорку упай алгандар алгачкылардан болуп тизмеден төмөндү көздөй жатаканадагы орун толгонго чейин орун алышат. Орун жетпеген студенттер кезек боюнча орун бошогон сайын бериле берет.

Жатаканага студенттер жайгашууга милдетүүбү?
Жок, бирок даярдоо курстагы студенттерге жатаканага жайгашуусу жакшы. Анткени тил үйрөөнүгө жардам болот.

Жалгыз өзүм же досторум менен бирге ижарага батир алсам болобу?
Ооба.

Ооруп калсам, кантип дарыланам?
Университеттин Ден соолук борборунда квалификациялуу дарыгерлер жана медайымдар медициналык кызмат көрсөтүшөт. Студенттер ооруп калган учурларда ден соолук борборуна кайрылып, дарты аныкталат жана дарыланат. Стационардык дарыланууга муктаж болгон оорулуулар Бишкек шаарынын ооруканаларына жөнөтүлөт.

Университеттин Ден соолук борборунда берилген медициналык кызмат үчүн акы төлөшүм керекпи?
Ден соолук борборунун лабораториялык дартты аныктоо кызматы үчүн акы төлөнөт, башка медициналык кызмат жана борбордо болгон дары-дармектер акысыз. Бишкек шаарынын муниципалдык ооруканаларында Университеттин студенттерине кыргыз жарандарына тиешелүү шарттарда медициналык жардам берилет. Жеке медициналык жайларда медициналык тейлөө акылуу.

Жатаканада канча орун бар?
Жатаканада 1372 орун бар.

Жатаканага жайгашуу үчүн эмне кылуу керек?
Жаңы сырттан келген студенттер университеттин катоосун өтүп, анан жатакананын катоосунан өтө алышат. Ал эми 1-4- курстун студенттери май айында анкета толтурмасы зарыл. Арыздар студенттер үйүнүн жетекчилигинде каралат.

Жатакананын 1 айлык баасы?
Жаңы жатакана 14 доллар (900 сом), эски жатакана 6 доллар (400 сом)

Жатаканада бир комнатада канча студент жайгашкан?
Комнатада 4, 6 жана 8 киши жайгашкан.

Жатаканада тамак жазоого уруксат барбы?
Жок, жатаканада тамак жазоого тыйуу салынган.

Жатаканада душ жана даараткана кандай колдонулат?
Ооба, бир комнатада жайгашкан студентер колдонот.

Жатаканада ысык суу барбы?
Ооба, 24 саат бою ысык суу бар.

Жатаканада ашкана барбы? Ашканада эмнелер сатылат?
Ооба, жатаканабызда ашкана бар. Турлуу азыктар жана суусундуктар сатылат.

Жатаканада китепкана барбы?
Ооба, бар.

Жатаканада интернет барбы?
Ооба, Вай Фай (кабельсиз интернет) бар.

Тамактын баасы канча?
Карточка менен тамактануу ( 4 турлуу тамак) 60 сом болот. Айына орто эсеп менен 1320 сомго чыгат.

Ай сайын мумкунчулугу жок студенттерибизге тамак жагынан жардам берилип жатабы?
Ооба, дайыма биздин университетибиздин ишчилери, тузулгөн фондубуздун тарабынан колунда жок 280 студентибизге ар бир айда тамак картын акысыз берип келет.

Ден соолугума байланыштуу дене тарбия сабагынан бошотула аламбы?
Жок. Студенттер ден соолугуна жараша, дени сак болгон студенттер- жалпы группада, ден соолугу чың эмес жана өнөкөт оорусу болгон студенттер- дарылоо группасында дене тарбия сабагын алышы керек.

Түркия Республикасынын жарандары университетке кандайча кабыл алынат?
Түркия Республикасынын жараны болгон абитуриенттер ТР БТЖБ жетекчилиги тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү студент тандоо жана жайгаштыруу сынагынын жыйынтыгы аркылуу, тандоолоруна жана алган баллдарына ылайык алынат.

Кыргызстанда жашаган ТР жараны болгон абитуриенттер да жогорудагы шарттардын негизинде кабыл алынабы?
Ооба, бардык ТР жарандары жогорудагы шарттардын негизинде кабыл алынат.

Адистик сынакты талап кылган бөлүм жана программалардын адистик сынактары качан жана кайсы жерде өткөрүлөт?
Адистик сынактар Кыргызстанда да, Түркияда да өткөрүлөт. Түркияда өткөрүлө турган адистик сынактар келишим түзүлгөн университеттер тарабынан өткөрүлөт. Адистик сынактардын өткөрүлүүчү күнү жана жери СТС маалымат китепчеси жана университеттин web баракчасында (www.manas.edu.kg ) жарыяланат.

Кыргызстандын жарандары университетке кандайча кабыл алынат?
КР жараны болгон абитуриенттер КТМУга ЖРТ(ОРТ) аркылуу жана КТМУнун Студент тандоо жана жайгаштыруу борбору (Манас-СТЖБ) тарабынан өткөрүлүүчү сынактардын жыйынтыгы аркылуу кабыл алынат.

ТР жарандары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сынактары жана Манас-СТЖС аркылуу университетке кабыл алынабы?
Жок.

Университетке Кыргызстан жана Түркиядан башка өлкөлөрдөн студент кабыл алынабы?
Ооба, КТМУга Түрк тилдүү мамлекеттер жана тектеш элдер менен катар бардык мамлекеттерден студент кабыл алынат.

Түркия жана Кыргызстандан башка өлкөнүн жарандары университетке кандайча кабыл алынат?
Түркия жана Кыргызстандан башка өлкөнүн жарандары ТРС жана келишим түзүлгөн университеттер жана комиссиялар аркылуу кабыл алынат.