Кыргыз-Түрк “Манас” университетине кабыл алынган абитуриенттер
Hits : 3401

Кыргыз-Түрк “Манас” университетине кабыл алынган абитуриенттер алгач http://student.manas.edu.kg сайтынан алдын ала каттоодон өтүп андан кийин студенттик бөлүмгө төмөнкү документтерди 2018-жылдын 16– июлунан 20 – июлуна чейинтапшыруусу зарыл:

16-июлда документ кабыл алуу саат 10:00 башталат

  • Аттестаттын (дипломдун) түп нускасы жана копиясы;
  • Сынак баракчасы;
  • Паспорттун көчүрмөсү;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • Жашаган жерден маалымкат;
  • 4 даана түстүү фото сүрөт (3х4 өлчөмүндө);
  • Флюорография сүрөтү доктордун жыйынтыгы менен;
  • Аскерге милдеттүүлүк күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  • Жетим абитуриенттер үчүн эне-атасынын өлүм күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  • Майып абитуриенттер үчүн майыптыгын тастыктаган маалымкат;
  • ЖРТ/ОРТ сертификаты (бар болсо түп нускасы/копиясы);
  • 200 сом каттоо акысы.
  • Кайрадан сынакка кирип, факультетин алмаштырган КТМУнун студенттери, факультетин которгондугу тууралуу арызын жазып, фото сүрөт, сынак баракчасын, студенттик билетин, кампус картасын, флюорография сүрөтү доктордун жыйынтыгы менен жана 200 сом тапшырышы зарыл.

Документтер абитуриент же милдеттендирилген киши тарабынан тапшырылат.

Абитуриенттер тапшырылуучу документтеринен бир нече копия чыгарып алуусу зарыл. Кабыл алынган документтердин түп нускасы же копиясы кайрадан БЕРИЛБЕЙТ!

 

КУЛАКТАНДЫРУУ !!!

Флюорографияны (өпкөнүн рентген изилдөөсү) төмөнкү медициналык мекемелерден өтсөңүздөр болот:

  1. ҮДБ №2 (дареги: Бишкек ш., 3-линия көчөсү 25)
  2. ҮДБ №6 (дареги: Бишкек ш., Жукеева- Пудовкина көчөсү 75)
  3. Ырыс жана ден-соолук медициналык борбору (дареги: Бишкек ш., Советская көчөсү 1)

Рентген жыйынтыгы сүрөтү менен кошо кабыл алынат.